Азыркы учурда мал чарбачылыгы жана жер иштетүү эң актуалдуу болуп жаткандыгына ылайык айыл жергесинде атайын долбоор ишке кирди. Кантип туура пайдалануу менен кирешеге чыгуу же болбосо тоютту үнөмдөө тууралуу долбоордо айыл тургундары окуп жатышат.
«Биз фермерлердин окуусун окуп жатабыз. Жалпы тогуз сабак өтүшүбүз керек экен. Азыркы учурда 4-сабагын окуп жатабыз. Мында малды кантип багып, кандай кам көрүү тууралуу окуп жатабыз. Учурда сүт багытындагы уйларды алып келе баштадык. Сүтүн сатып, каймак-май, сүзмө жазап, үй-бүлөлүк бюджетке салым кошобуз деген ниеттебиз»,- дейт Сайрагүл Үрүстөмова.
Долбоор жөнүндө Рахат Исаев төмөнкүлөргө токтолду:
«Жер иштетүү, жердин асылдыгын көтөрүү жана мал чарбачылыгы боюнча 25 кишини окутуу боюнча мамлекеттик долбоор ишке ашырылып жатат. Айрымдары мал чарбачылыгы боюнча окуп жатышса, айрымдары жер иштетүү боюнча окуп жатышат. Буюрса астыга жылыш бар, көп нерсени үйрөнүп жатабыз».
Бул окутуу айына тогуз күндөн өтүп, эки ирээт уюшулуп турат. Төрт күн мал чарбасы боюнча өтсө, беш күн жер иштетүү боюнча өтөт. Ар кандай ишти баштоодоо негизги ыкмасын окуп, үйрөнүп, ар бир адам өзүнүн малына, жерине туура кам көрүп, пайда алуу менен кирешесине чыгууга мүмкүнчүлүк түзүшү шарт.
Гүлнара Кенжеш кызы