Чүй облусунун, Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде III чейректин жыйынтыгы боюнча педагогикалык кеңешме өткөрүлдү. Жыйында мектептин окуу-тарбия бөлүм башчысы, тарбия иштери боюнча орун басары, социалдык педагог жана профсоюз уюмунун төрайымы чейрек ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берип, жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле алдыдагы иш-пландар жана милдеттер белгиленип, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү аныкталды.

Педкеңешменин алкагында мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар тренингдер уюштурулду.
Табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Аида Карыбекова «Жасалма интеллект – заманбап окуу талабы» аталышындагы тренинг өткөрүп, жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы орду, аны сабак учурунда колдонуу жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал эми тил усулдук бирикмесинин жетекчиси Нурайым Кеңешбекова «ТСОну колдонуу ыкмалары» темасында тренинг өтүп, техникалык окутуу каражаттарын сабакта натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык сунуштарды берди.
Башталгыч класстардын усулдук бирикмесинин жетекчиси Сайкал Азатбек кызы «12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүгү» аттуу тренинг уюштуруп, жаңы билим берүү системасынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Тренингдин жүрүшүндө интерактивдүү тапшырмалар жана оюндар уюштурулуп, мугалимдер өз уюлдук телефондору аркылуу билим берүүчү платформалар менен иштөөнү үйрөнүштү. Ошондой эле жасалма интеллектти сабак учурунда колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алышты.

Мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүүгө жана билим сапатын арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Аида Карыбекова