Кант шаарында Невакет медиа коомдук жашоого кошкон салымы жогору бааланып, уюм Кант шаарынын мэриясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланды. Сыйлык Nevaket Mediaнын шаардагы коомдук демилгелерди колдоого алып, актуалдуу маселелерди чагылдыруудагы жана жергиликтүү жамаат менен активдүү иш алып баруудагы салымы үчүн берилди.

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө Кант шаарынын мэриясы менен Невакет медианын ортосунда кызматташуу боюнча меморандум да түзүлдү. Бул документ эки тараптын келечектеги биргелешкен ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, маалыматтык жана коомдук долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле шаардагы маанилүү маселелерди кеңири чагылдырууга багытталган.
Жолугушуунун алкагында тараптар жергиликтүү коомчулуктун маалымат алуусун жакшыртуу, жарандык демилгелерди колдоо жана жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон кызматташтык багыттарын талкуулашты. Меморандум эки тараптын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдеп, келечекте жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Невакет медиа командасы көрсөтүлгөн ишеним жана колдоо үчүн Кант шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, мындан ары да шаар тургундары үчүн маанилүү темаларды чагылдырууну жана коомдук демилгелерди колдоону уланта турганын белгиледи.
Бул кызматташтык шаардагы маалыматтык ачыктыкты күчөтүп, жарандык коом менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.