Кыргыз эли эркек баланы келечекте бир үй-бүлө ээси, тукум улоочу деп тааныйт жана үй-бүлөдө кичине кезинен эле “чыныгы жигитти” тарбиялоо процесси жүрөт. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бул процесс эркек балага катаал мамиле жасоо менен коштолот. Тактап айтканда, эркек баланы күчтүү, чечкиндүү жана чыныгы жигит кылып тарбиялоо үчүн аны ашыкча кучактап, эркелетип, бетинен өбүүнүн зарылчылыгы жок, бала назик болуп калат деген жаңылыш пикир бар.
“Эркек бала ыйлабаш керек, өзүнүн алсыздыгын башкаларга көргөзбөш керек, эркек бала арызданбаш керек, өзүнүн көйгөйүн өзү чечиш керек өңдүү көз караштар менен өстүрүү кадыресе нормалдуу көрүнүш сыяктуу сезилет. Эгер мындай көрүнүш өз чегинен ашып кетсе анда бала үчүн дагы, ата-энеси үчүн дагы жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Адистердин айтымында мындай тыюулар менен чоңойгон бала айлана-чөйрөдөгү көрүнүштөргө кайдыгер боло баштайт. Анткени ал эмоциясын ичке катканга тарбияланган.
Психолог Зубаида Эмилбекова эгер бала эмоциясын чыгара албаса, түнт адамга айланат дейт.
“Анын мүнөзүндө терс жакка өзгөрүүлөр пайда болот, психо-эмоционалдык жактан жабыр тартат, ден-соолугу бузулат. Жүрөк кан-тамыр оорулары пайда болот. Себеби адам баласы эмоцияны өз убагында, өз нормасында чыгарбай калса, ичке катылган ый, муң, ыза, капалануу деген сыяктуу сезимдер, акырындап агрессияга айланат. Арессивдүү жүрүм-турумга ээ болуп, ичине чогулган ыза ж.б терс сезимдерди кичүүлөргө зордук-зомбулук көрсөтүү менен чыгара баштайт. Ошентип балабызда чоңойгон сайын ата-энелерге көрүнбөгөн ички көйгөйлөр башталат. Ал ички көйгөйлөр кулк-мүнөзгө айланат”,- дейт.
Адам баласы төрөлгөндөн эле эмоция, кубануу, коркуу, сүйүнүү, сүйүү ж.б ар түрдүү сезимдерге ээ. Ал жыныска бөлүнбөйт жана аны ар бир адам билдире алат. Эгерде эркек бала эмоциясын чыгара албай ката берсе жүрөк-кан тамыр ооруларына дуушар болорун психолог Зубаида Эмилбекова белгиледи. Эгерде статистикага (2020-ж) кайрыла турган болсок, жүрөк-кан тамыр оорулары менен көбүнчө эркектер жабыркайт. Ошол эле учурда, 2020-жылы бул өлүмдүн себебинен каза болгондордун басымдуу саны (7,5 миң же 68%) эмгекке жарамдуу курактан жогорку адамдар түзөт. Бирок ушул эле оорулар эмгекке жарамдуу эркектердин (36%дан жогору) өлүмүнүн негизги себептери болуп саналат.
Баетов айылынын 17 жаштагы тургун Жаныузак Курманбаев эркек балага “тарбия” иретинде айтылган пикирлерге каршы.
“Эркек бала ыйлаганга болбойт ж.б ушу өңдүү ыкмаларга каршымын, себеби ар бир адамдын сезими болот, ал кубанат, ыйлайт ж.б. Ыйлоо бул алсыздыктын белгиси деп эсептебейм. Бардыгы эле өз сезимин ачык билдире албайт, ошондуктан ичиндеги бугун сыртка чыгара билүү жакшы деп ойлойм”.
Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо ар бир улуттун менталитетине, каада-салтына, улуттук баалуулуктарына жараша жүргүзүлөт. Биздин коомдо эркек балага карата жогорудагы “тарбиялоо” ыкмасы көнүмүш болсо, чет өлкөдө тарбия жыныска бөлүнбөйт.
Манат Сулайманова он жылдан ашык убакыттан бери Щвецарияда жашап, эмгектенет. Ал Европалыктардын тарбиялоо ыкмалары менен бөлүштү.
“Щвейцарияда эркек бала деп басым коюп тарбиялабайт. Каалайбы ыйласын, каалайбы кызыл кийим кие берсин, эмоциясын чыгарсын. Ал адамдын ички сезими тыюуга мүмкүн эмес. Жадакалса кесиптер дагы бөлүнбөйт. Бала бакчаларда, мектептерде абдан көп эркектер эмгектенет. Эркек балдарга карата стереотиптер жок”.
Чындыгында эркек балага карата “тарбия” иретиндеги колдонулуучу көз караштар туура эмес. Эркек бала күчтүү болуш керек десе эле ал андай касиетке ээ болуп калбайт. Балага мээрим төгүү, колго алуу, кучагыңа кысуу, адамгерчиликтүү, боорукер, жакындарын түшүнө билген мырза болуп чоңоюсуна жардам берет. Келечекте мындай жигиттер кыздар менен таанышууда, сүйлөшүүдө кыйналбайт, оңой эле тил табышып, ынтымактуу бекем үй-бүлө кура алат.
Барчын Мамытбекова