Сулуулук индустриясындагы эң популярдуу беш кесип бар: визажист, лэшмейкер, маникюр жасоочу, каш боегуч жана чач тарач болуп эсептелет. Бул кесиптерди аркалагандардын көбү аялдар. Буга коомчулук көнүп калып кийинчерээк аялдардын кесиби деген көз караштар таңууланып калган. Эркектер бул кесипти тандаган эмне болорун Адилет Тойчубековдун мисалында карап көрөбүз. Ал өзүн Таластагы алгач визажист мырза катары сынап көргөн.
Адилет Тойчубеков 22 жашта. Ал мектепти бүтүп жатканда бардык эле окуучулар катары кайсы кесипти аркаласам деп ойлонуп турган:
“Менин тандоом же парикмахер же визажит болуудо турган. Апам менен кеңештим. Ал мага бул аялдардын эле жумушу деп чектөө койгон жок. Менин тандоомду колдоду”.
Бул кесипке кичинесинен кызыкканын айтты: “Мен өзүм чыгармачыл адаммын. Элге сулуулук тартуулоо, алардын өзгөрүүлөрүн көрүп сүйүнгөнү мага абдан жакчу”.
Тандоо жасагандан кийин Адилет алгач үйрөтүүчүсү Айнура Эрдешбаева жана элдин аны көргөндөгү реакциялары тууралуу мындай деди:
“Менин мугалимим Айнура Эрдешбаева Таласта белгилүү, профессионал визажист. Билим алган соң ал мени өзү менен бирге иштөөгө чакырды. Ошентип мен сулуулук салондо иштеп баштадым. Алгачкы жарым жыл кардарлар адаттан тыш реакция кылышчы, мага ишенич жок болчу. Себеби Талас алыскы регион, калкы аз, жергиликтүү менталитет менен. Бизде гендердик сезимталдык жок, эркек киши дагы парикмахерден тышкары визажист же косметолог болсо болот деген түшүнүк жок болчу».
Бирок Адилет бул ишин таштабай уланта берди.
“Адамдардын оюн, көз караштарын өзгөртсө болот. Бара- бара менин кардарларым көбөйө баштады. Жергиликтүү журналисттер келип мен жөнүндө жаза баштады. Визажист болом деп дискриминация буллингге кабылгам. Мен жергиликтүү телеканалды да чакырдым. Мына мен бармын иштеп жатам. Эркек дагы визажист болуп иштесе болот деп көрсөтө баштадым. Эгер сен жумушунду жакшы кылсан, сен жөнүндө маалымат бат эле таркай баштайт экен. Шаарыбыз кичинекей да”.
Адилеттин бул жумушта эң чоң жетишкендиги жөнүндө мындай деди:
“Мен иштеп жүргөн учурда жумушума бир бала келип, мен дагы визажист болгум келет, мени үйрөтчү деп суранды. Ал учурда менин тажрыйбам аз деп баш тартып койгом. Азыр мезгилди артка кайрысак, мен ал баланы үйрөтмөкмүн”.
Эки жыл тынбай эмгектенген мырза жумушун таштоону чечкен. Буга бир нече себептер болгон.
“Жумуш жаңы иштеп баштаганда мен кесиптештеримдин арасында дискриминацияга кабыл болдум. Бара- бара аны жеңе алдым. Бирок Таласта мен ар түрдүү адамдар арасында колдоо таба алган жокмун. Мага гендердик сезимдалдыкты таркатууда колдоо жетишпеди. Андан кийин бул жумуш мага жакшы киреше, туруктуулукту алып келбейт окшойт деп ойлодум. Себеби сулуук индустриясында туруктуулук жок. Бирок эң башкы себеп – бул мен коомго өз салымымды кошкум келди. Мага окшоп башынан кыйынчылык, колдоо таба албаган адамдарга аны берүү болду”.
Мындай чечимди кабыл алган Адилет борбор калаага аттанат. Ал жакта адам укуктарын коргоо эл аралык уюмунда иштеп калат. Адилет иш ордуна жынысына карата буллинг жана дискриминацияга кабылган адамдардын укугун коргогусу келет. Бир нече жыл өткөндөн кийин өз шаарына кайтып келген мырза өзгөрүүлөрдү байкайт.
“Элдер өзгөрүүлөргө даяр экен. Кабыл алууга даяр болуп калыптыр, эркектер дагы аялдар да түрдуү тармактарда иштегенге даяр. Болгону аларга коом тарабынан колдоо керек экен. Буга биз мүмкүнчүлүк, колдоо беришибиз керек. Бирге иштешсек өзгөрүүлөр болот экен”.
Мындай ой менен Адилет кайра Таласка кайтып келип коомдук уюмдардын биринде эмгектенип жатат.
“Өзүнө жаккан кесип менен эмгектенүү үчүн күчтүү болуу керек. Элдер сөз кылып, сүйлөп жатса да бул нормалдуу нерсе. “Это надо пережить”. Бирок, башка адамдардын көз карашына ээрчип өзүңөргө жаккан нерсени таштап салбагыла” деп сөзүн жыйынтыктады бүгүнкү каарманыбыз.
Адилет сыяктуу өз каалаган кесипти аркалагысы келген адамдар көп. Ар бир адам өзү каалаган билим алып көңүлүнө жаккан кесиптин ээси боло алат.
Айгуль Сакеева