Коомдо түрдүү чечимдерди кабыл алууда белгилүү бир таңууланган көз караштар таасирин тийгизет. Алардын кесип тандоодо билим алууда таасирин тийгизет. Маселен кээ бир ата-энелер “кыз балага билим бериш керек ал эми балдар билим албаса деле оокат кылып кетет”-деген жаңылыш пикир бар.
Болот Отунчиев үй-бүлөдө 7 бир тууган. Эже- байкелери, жогорку окуу жайлардан билим алышкан. Ал ата-энеси кезек келгенде, мал-жандыктар багып, жер иштетип, үй-бүлөңдү багып кетесиң деп окутпай коюшканын айтат. Көп жылдан бери курулуш тармагында иштеп, тапкан эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келет. Колдо диплом болбогондон кийин айла жок жумуш оор, убагында билим алсам болмок экен деп ойлонуп келет. Өз башынан өткөн тажрыйбалардан улам, кыз балага да, эркек балага бирдей билим кериш керек деген оюн баса белгилейт:
«Азыркы учурда техниканын өнүгүп жаткан мезгилде уул, кыздарга билим алуу керек. Билимдүү балдар, өлкөнү өнүктүрөт. Кызыма, балама да колуман келишинче кесипти өз тандоосуна коюп, окуу жайга тапшыртканга аракет кылам. Келечекте уул кыздарым, мамлекеттин өнүгүсүнө салым кошот деген ишеничим бар”.
Борбордук Азия Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу жана медиа эксперт Элира Турдубаева коомдо кыз бала менен эркек балдарга тарбия, билим тең укуктуулукка негизделиши керек деген оюн ортого салды:
«Тарбия, билим алууга бирдей тең мамиле кылыш үчүн, үй-бүлөдөн баштоо керек. Керек болсо, бала бакча, мектеп универиситетте дагы кыздарга, уул балдарга билимди тең берип, кесип тандаганда гендердик стереотиптеги көз карашты колдонбош керек».
Кыздар билимдүү болуш керек, эркек балдар билим албай эле, ата-энесинин колунда болуп, тиричилик өткөрөт деген эски көрүнүш. Ар бир инсан билим алууда жынысына карабайт. Баарыбыз, тең укуктуубуз, билим алууга, бирдейбиз дейт Психолог Жамила Хаитова:
“Ар бир инсан шыгына карап, кесипти туура тандап, ошол тармакты өркүндөтүп кете турган болсо, уул-кыз дебей өзүнүн ордун табат. Жасаган жумушунан канааттанат, чарчап чалыкпайт,элге да чоң пайдасын тийгизет. Ошол себептен, балдарды бирдей окутуу керек.”
Балдарга билим берүүдө албетте үй-бүлөнүн бюджети жана башка мүмкүнчүлүктөр эске алынат. Бирок алардын ичине “кыз билимдүү болуш керек, ал эми эркек билим албаса деле жанын багып кетет”-деген жаңылыш пикирдин таасиринде чечим чыкпашы керек. Ар бир адам өзү каалаган окуу жайында жөндөмүнө жараша адистигин тандаганы туура.
Анара Мааметова