Башталгыч классынын мугалими Хусан, Хасан Эгембердиевдер башында өз кесибин апасынын каалоосу менен тандаган. Бирок кийин мугалимдик кесип жагып, өз мөмөсүн берип мектепте окуучулардын сүйүктүү агайларына айланган.
Хасан Эгембердиев окууну жаңы бүткөн мезгилде мугалим болуу тууралуу көп ойлонгон. Апасы айылда мугалимдик жакшы деп кеңеш берип, эгиздер башталгыч класс мугалимдигине тапшырган. Мектепке биринчи келгенде башталгыч класска кирип коркуп кеткем деп эстеди Хасан Эгембердиев.
“Окууну бүтүп өзүбүздүн айылга келип мектепке ишке кирдик. Экөөбүз тең башталгыч класстан класс алып, иш жолун баштадык. Балдар ар түрдүү 6-7 жаштагы, мектептин босогосун эми аттаган наристелер. Мен кантип иштейм, аябай кичине эч нерсеге түшүнбөгөн чүрпөлөргө канткенде тамга үйрөтүп, жаздырам деп ойлоп коркуп кеттим. Сабак башталып, ар бир өткөн сабагым кызыктуу болуп бат эле көнүп кеттим”.
Хасанга караганда Хусандын балдарга көнүшү кыйын болуп иштебей эле койсомбу деп да ойлогон. Бирок директор Аким Эргешов чакырып кеп-кеңешин айткан соң, ал оюнан кайтып, чын көңүлү менен балдарга билимин бере баштаганын айтты мугалим.
“Мен өзүмө ишенбей, бөбөктөрдү окута аламбы? Эмне үчүн башталгыч классты тандадым экен? Башка эле жумуш карасамбы? деп көп ойлондум. Менин көңүлүмүн жоктугун байкаган директор “Хусан сен аябай аракетчил жигитсин. Мен ишенем сен мыкты мугалим болосун”- деген сөзү мага дем берди.
Ошол кезде мугалим агайлар мектепте көп болчу. Азыр аябай азайып мен иштеген мектепте 45 мугалим болсо анын 5 гана эркек. Агайлардын мектепте болуусу окуучулардын тарбиясына чоң таасир тийгизет. Азыр бүткөн бүтүрүүчүлөрдөн мугалим болосунбу десен “эч качан” дешет. Бирок мугалимдик кесиптин мыктылыгын, алар түшүнбөй жатышат-деп сөзүн улады Хасан Эгембердиев.
“Биз мектепте окуган мезгилде агайлар көп болчу. Ошол агайларды көрүп мугалимдик кесипти тандаганмын. Негизи эркек мугалимдер республика боюнча аздыгы айтылып эле жүрөт. Балдар агай болууну каалабайт. Буга бир себеп айлык маянанын аздыгы болчу. Окууну бүтүп келген жаңы мугалим агайлар айлык аз экен деп Россияга кетип калышты. Эгер мындай болсо айылдык мектептеге кантип агайларды алып калабыз. Маяна жогорулады бирок, ал да азыркы жаштарга жетпейт. Ар бир өсүп келе жаткан балдарга мугалимдик кесиптин ардактуулугун түшүндүрүп, алардын жан-дүйнөсүнө сиңирсек балким ошондо агай болушар.
Хусан Эгембердиевдин айтымында мугалимдик кесиптин ээси аялдар болушу керек деген көз караш бар. Бирок ал туура эмес. Кесип аял, эркек деп бөлүнбөйт. Кесиптин ээси ким болбосун аны сүйүп иштесе албетте өз натыйжасын берерин айтат:
«Мен башталгыч класста иштеп жүрүп ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, сыйлыктарды алганмын. Ал эми Хасан болсо 1997-жылы “Жыл мугалими” кароо сынагынын райондук турунун жеңүүчүсү болгон. Башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жүргөндө өз билимин өркүндөтүү менен ар түрдүү окууга керектүү көрсөтмө куралдарды колго жасайт элек. Азыркыдай компьютерден чыгарып салуу эмес, колго тартып боёп, кыркып чаптайт элек. Заман кыйыныраак эле, кээде желим (клей) жок болуп калганда камырды суюк жасап алып чаптайт элек. Окуучу кыздардын чачына бантигин тагып берет элек. Балага жакын болсон анан ал да ишенип жакшы окуйт. Бүтүргөн класстарыбыз азыр да жылуу учурашышат”.
Башталгыч классы мугалими болгонума өкүнбөйм. тескерисинче сыймыктанам. Апам туура жол көрсөтүп, кесипти туура тандаган экенбиз. Ошол кезде бизди агай болот экенсинер да деп шылдыңдаган досторубуз азыр иштебей үйдө отурушат. Биздин сүйүктүү окуучуларыбыз, сыйлаган ата-энелерибиз, дайыма жардамын аябаган кесиптештерибиз бар экенине сыймыктанып, мугалим болгонубузга өкүнбөйбүз деди Эгембердиевдер.
Статистикага таянсак, республика боюнча 14% гана эркек мугалимдер бар. Мындай көрсөткүчтөрдү тең салмактоо үчүн мамлекет агайлардын мектепте көп болуусу үчүн маянанын көбөйтүп, мектепке “Мектеп агайларга муктаж ”-акциясын өткөздү.
Маселенин буга чейин келүүсүнө таңууланган көз караштардын таасири күчтүү экендигин гендердик эксперттер белгилешет.
Гулназ Камбарали кызы