2023-2024-окуу жылында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын президентинин №126 жарлыгына ылайык «Манас таануу», «Манас айтуу» боюнча республикалык баскычында ийгиликтерге жетишти.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов өзү колдоого алып, райондук мамлекеттик администрациясы, Жогорку кеңештен демөөрчүлүгү менен шарт түзүп берди. Базар-Коргон шаарынын мэриясы, Акман айыл өкмөтү тарабынан да демөөрчүлүк болду.
«Манас таануу» интеллектуалдык таймашынан №6 Б.Осмонов мектебинин Турсуналиева Назгүл даярдаган «Күлазык» тобу
НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУНУН 170 ЖЫЛДЫГЫ, ЧОЮКЕ ӨМҮР УУЛУНУН 160 ЖЫЛДЫГЫ, ШАПАК РЫСМЕНДЕЕВДИН 160 ЖЫЛДЫГЫ, МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛ УУЛУНУН 140 ЖЫЛДЫГЫ Алп манасчылардын мааракесине карата жана белгилүү манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн жаш манасчылардын кароо-сынагынын республикалык баскычында чет тилдерде «Манас» айткан окуучулар арасында өткөн сынакта: №1 Макаренко гимназия мектебинин мугалими Жоробаева Гүлзада даярдаган 8-классынын окуучусу2-орунду алып Абдулазиз Арапбаев сыйланды. Окуучулар диплом, сертификат, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Жаркын Маматова