Жусупбек Кулматовдун социалдык баракчалардын бириндеги жазган эскерүүсүн окуп жатып, Базар-Коргондо 37 жылдан бери жашап жатып, жаңгак катар тууралуу маалыматым жоктугун билдим. Ооба, жайы-кышы өзгөчө көрүнгөн «Жаңгак туннели» деген ат менен даңазаланган 1-Май жери өзгөчө көрүнөт. Бирок ким эккендигин, кимдин буйругу менен эгилгенин билбейт болчумун.

Катар жаңгак жайында
Жусупбек Кулматовдун жазган эскерүүсүн kyrgyzmedia.kg сайтынын окурмандары жана «Катар Жаңгак» тууралуу билгиси келгендерге агайдын эскерүүсү чыгарайын дедим. Анда «Катар жаңгак» кандай пайда болгонун Жусупбек агайдын эскерүүсүнөн окуйлу:

Жусупбек Кулматов
Эсинде калсын дедиби же эл арасында айта жүрсүн дедиби, бул баарлашууда абдан көп кызыктуу окуяларды баян кылып берди. Ошонун бири Базар-Коргондогу “Катар-Жаңгак” тын (Ореховой тоннелдин) пайда болушу тууралуу маек куруп берди.
— “Мен анда Базар-Коргондо Кыргызстан Коммунистик партиясынын райондук комитетинин биринчи катчысы элем” – деп сөзүн баштады. Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Исхак Раззакович биздин районго келип партиялык, советтик жана чарбалык иштер менен таанышып партактив чогулушун өткөргөн. Анан кайтарында мындай бир ой максатты (идеяны) айтып кетти.
Малабай Жунусалиевич – “Мен жакында эс алууда Кавказ жергесинде болдум, ал жерден бир жолду көрдүм, эки жээгине субтропикалык дарактар тигилиптир, аябай кооз көрүнөт экен. Бизде жаңгак деген кудай берген жакшынакай мөмөлүү дарагыбыз бар. Бир ылайыктуу жол тилкесин таап ушундан тикпейсиңерби?” – деди. Бул айтылган идеяны колго аларымды убадалап, ал кишини мен жана райондун бир топ активи коштошуп узаттык.

Жаңгак көчөттөрүн тигүүгө атайын жол тилкеси аныкталгандан кийин эрте жаздын бир күнү райондун аймагындагы лесхоздун жетекчиси менен сүйлөшүп, дайын болгон жол тилкесинин эки жагын бойлото жаңгак көчөттөрүн отургузасыңар деп көрсөтмө бердим. Жаңгактын 3 жана 5 жылдык көчөттөрү лесхоздон (токой чарбасынан) алынып келинип, көчөттөрдү отургузууну ошол токой чарбасынын главный лесничийи (башкы токойчусу) Николай Григорьевич Порощай деген жаш адис жигит жетектеп, токой чарбасынын жумушчулары аткарган. Николай Порощай болсо резина өтүктү кийип, лопатканы ийинине салып жумушчулар менен бирдей иштеп көчөттөрдү тигишкен.
1978- жылдын жай айларында пахта эми гүл ачкан мезгилде азыркы Базар-Коргон районунун чарбаларында партиялык, советтик жана чарбалык иштер боюнча өз ара текшерүү жүрүп жатты. Базар-Коргон району менен Сузак району өз ара социалисттик мелдешке чыгышкан. Базар-Коргон району ошол жылы Ленин районунан жаңыдан бөлүнүп чыккан. Биринчи катчысы Чыкыев эле (Эргеш Чыкыев). Өз ара текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарууда обкомдун биринчи катчысы Султан Ибраимович айрым учурларда өзү катышчу. Ошол күнү да келиптир, анан иш- чаралар аяктагандан кийин келген текшерүүчү делегацияга чай уюштурулчу, чай ичээр мезгилге мени алдыртты. Албетте, облустун биринчи катчысы чакыртса барбай коюуга болбойт эле, бардым. Султан Ибраимовичтин ушундай бир көзгө көрүнөрлүк жасалган иштерге баам салган, абдан кыраакы киши эле.

Ошол жол боюна эгилген катар жаңгактар жөнүндө мындай суроо узатып калды.
– “Бул жаңгактар кайсыл мезгилде тигилген, кимдин көрсөтмөсү менен, кимдер тикти экен” — деп. Бул суроого буйдалбастан туруп эле партиянын Сузак райкомунун биринчи катчысы Алиев (Эркин Эргешович) – “Султан Ибраимович, кыргызда сөз бар ким жаңгак эксе анын мөмөсүн көрбөйт деген, жаңгактар мөмөгө кирип калыптыр, муну тиккендер качан эле дүйнө салгандыр” – деп. Мен эч нерсе деп айталбадым, ал эми делегациянын арасындагы ОВСКнын директору Николай Григорьевич тура калып эле – “Андай деген туура эмес, бул жаңгактарды буйрук берип көчөттөрүн тиктирген Малабай Жунусалиевич мына тирүү бул жерде олтурат, тиккен мен жана лесхоздун жумушчулары биз деле тирүүбүз” — десе болобу. Эркин Алиев шыр айткан жообуна бир аз ыңгайсыз абалда калып, унчукпай отуруп эле калды. Султан Ибраимович абдан кыраакы киши эле дебедимби, андан ары ал жаңгактар жөнүндө сөздү улабады. Ырахматы болгур Султан Ибраимович дагы ошондон кийин бир жарым ай өткөндөн кийин Жогорку кеңештин Президиумунун төрагасы кызматына көтөрүлүп кетти. Кайран киши! – деп ал кишини да эскерип өттү. Раис андан ары сөзүн улай төмөндөгү жыйынтыктоочу сөзүн мындайча баян этти:

— Азыркы мезгилдеги катар жаңгактардын өсүп жетилүүсүн суктануу менен карап туруп айтар элем: — “Мал тапкандыкы эмес баккандыкы” деген элибизде накыл кепке негизденип, эгилген көчөттөрдү карап, асырап өстүргөн адамдарга ыраазымын, ошондой болсо дагы ал жаңгактардын табылышына (ошол жерде пайда болушуна) И. Раззаковдун идеясынын (ой-максатынын), менин чарба жетекчилери менен ылайыктуу жол тилкесин тандап, лесхоздун жетекчилигине көчөт отургузуу боюнча тапшырма беришимдин жана лесхоздун жумушчуларынын көчөт отургузуудагы эмгектеринин, жумушчуларды жетектеп иш жүргүзгөн лесхоздун башкы токойчусу Н. Порощайдын эмгектерин кошуп алганда биздин дагы зор салымыбыз бар деп ойлойм” – деп маегинин акырына чыкты Малабай ава.

1-Май айылынын тургуну Калдарбек Бапишев
Ал эми азыр «Катар жаңгак» кандай абалда, ага кантип кам көрүп жатышат, бул тууралуу 1-Май айылынын тургуну Калдарбек Бапишев төмөндөгүлөргө токтолду:
«Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Алкадыров жана айыл башчы Тажибек менен биргеликте жаңгак көчөттөрүн отургузуу идеясы чыккан. Көчөттөр айыл өкмөт, токой чарбадан алынып келинип, аким баш болгон кызматкерлер жаңгак көчөттөрүн эгишкен. Көчөттөр каралып, өсүп жатканы белгилүү. Биринчи эгилген жаңгактар каарып, сынып жатат. Анын ордуна жаңы көчөттөр отургузуп тарыхий жерге айланган «Катар жаңгакты» сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз. Ал эми жаштар катар жаңгактын эгилиши, ким тарабынан идея жаралганы тууралуу билиши абдан жакшы. Ал эми тарыхын ар ким ар түрдүү айтып жүргөн. Чыныгы тарыхын Жусупбек Кулматов ачыктады. Негизиги идея Исхак Раззаковдуку болсо, аны аткаруу жагы Малабай Жунусалиевге таандык экенин. Ал эми көчөттөрдү эктирген токойчу Николай Прощай экенин билдик. Жалпы эл да бул улуу инсандар тууралуу билүүсү жана дайыма муундан-муунга айтылып туруусу зарыл деп эсептейм»,-деди Калдарбек Бапишев.
Маек Жусупбек Кулматовдун жеке баракчасынан алынды.
Гулназ Камбарали кызы