Арстанбап-Ата айыл аймагындагы №19 орто мектепке кошумча имарат жана кичи футбол аянтчасы курулду.
Бүгүн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан №19 орто мектептин кошумча имараты жана кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.
Мектептин башталгыч класстары билим алуучу кошумча имаратты курууга жергиликтүү тургун Кубатбек Досматов демөөрчүлүк кылган. Ага айыл аймак, мугалимдер жана ата-энелер өз салымдарын кошушкан.
Мектепке кошумча имарат куруу менен катар, кичи футбол аятчасы да салынган. Курулушка республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, жаштар салымы, Агахан фонду жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков тарабынан каржылык көмөк көрсөтүлгөн.
Облус башчысы айылдагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү жашоочулардын биримдүүлүгүн белгиледи. Ага катар туризм тармагы өнүккөн Арстанбап жергесиндеги инфрастуктураны жакшыртуу аракети уланаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Арстанбап-Ата айыл аймагындагы №19 орто мектептин негизги имараты 1954-жылы курулган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 23 млн сом акча каражаты бөлүнүп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Мектепте жалпы 1310 окуучу билим алат.
Салтанатуу аземде Арстанбап-Ата айыл аймагынын социалдык эканомикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Кубатбек Досматовдор Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» сыйлыгы менен сыйланышты.
Мектепти жана спорттук аянтчаны курууда зор салым кошкондорго «Ардак грамота» берилди.
Гулназ Камбарали кызы