18-сентябрь 2024-жылы ЖКФ-ПРООНдун “Кыргыз Республикасында Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландаштыруу, ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планды (НАП)иштеп чыгууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү.
Иш-чара эки негизги теманы камтыды: “Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү жана анын өлкө үчүн кесепеттери” жана “климаттык журналистика: аймактык деңгээлде жеткиликтүү контентти түзүү”. Тренингге Нарын, Талас, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Бишкектен журналисттер катышты.
Тренингдин максаты журналисттердин климат маселелерин чагылдыруудагы кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу региондордун калкынын арасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-аракеттерге дем берүү болду.
Климаттык маалыматтар менен иштөөнүн практикалык аспектилерине, ошондой эле кеңири аудиторияга жеткиликтүү контентти түзүү үчүн татаал илимий темаларды жөнөкөйлөтүүгө басым жасалды. Журналисттер климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жана адаптациялоонун мүмкүн болгон жолдорун натыйжалуу чагылдырууну үйрөнүштү.