Соң-Көл көлүнүн жанындагы биоартүрдүүлүктү коргоо жана туруктуу жашоого көмөк көрсөтүү максатында Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында «Соң-Көлдү сактайлы! Из…» деген аталышта райондук деңгээлде фестиваль болуп өттү.
«ИСУР» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлгөн фестиваль «Кыргыз кайрыктары» ансамбль тарабынан форум-театр багытында өткөрүлүп, ага райондук администрация жетекчилери, райондук маданият кызматкерлери, Каратал-Жапырык коругунун кызматкерлери, илимий изилдөөчүлөр, айыл өкмөт кызматкерлери, айыл тургундары, экологиялык активисттер, мектеп окуучулары катышышты. Бул фестиваль быйыл экинчи ирет өткөрүлүүдө. «ИСУР» коомдук бирикмесинин колдоосу менен Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун уюштуруусу менен бул фестиваль улам жаңы аталыш менен жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.
Бул видео Sida уюмунун финансылык колдоосунда ForumCiv аркылуу түзүлгөн. Sida жана ForumCiv бул видеону түзүүгө катышкан жок жана анын мазмуну же анда берилген ой-пикирлер үчүн жооптуу эмес.
Майрамбек кызы Бурул