Базар-Коргон районундагы АУК айылында күнүнө 30 тонна ун чыгарчуу тегирмен курулду.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) «Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбооруна кошумча каржылоо» долбоорунун «Жашоо каражаттарын колдоо» подкомпонентинин каржылоосунан 9 381 09 сом гранттык каражаты жумшалган бул тегирмен райондун элинин буудайын тартып, жогорку, 1-2-сорттогу ундарды чыгарат. Андан сырткары аталган долбоор тарабынан 73 500 АКШ долларына (6 225 450 сом) гранттык акча каржыланып оруп-жыйноочу комбайн берилди.
Тегирмендин ачылышына Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, АРИСтин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн Сапарбек Токоев, Кеңеш айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, айыл аймакта жайгашкан ар бир айылдардан келген жарандар катышты.
Аким Мирлан Карагуловдун айтымында райондун социалдык абалын жакшыртууда ушундай ишкерлер долбоор жазып, жумуш орундары менен камсыз кылып жатканы аябай кубандырат. Райондун атынан АРИСке ыраазычылык билдирем. Баасы арзан ун менен элди камсыз кылып, дыйкандардын ишин жеңилдетип жатасыңар деп билдирди.
Кеңеш айыл аймагындагы ачылып жаткан тегирмен өрөөндөгү эң бир көйгөйлүү маселеси болуп келген. Дыйкандар эгишкен буудайларын кайсыл жакка өткөрөрүн билбей убара болушчу. Ушундан улам зарылчылык жаралып, тегирмен куруу муктаждыгы келип чыккан деди Кеңеш айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов.
«Азыркы учурда 25-300 тоннадай буудай тегирменде турат. иш-чарага айыл аймактагы айылдардан 10-15 тен өкүл чакырдык, алар тегирменди көрүп, айылдарына барып, маалымат таратып, тегирменден арзан ун алып, буудайларын тарттырышсын деген максат болду. Элге кайрылуум базарда бир мушок ун 1700-1800 сом болсо, бул тегирменде 1300-1400 сомдон сатылат. Жарандар келип унду сатып алса болот. Бир тонна буудай тапшырса, 620 кг жогорку сорттогу ун, 20 кг кебек берилет.
Чарбада 32 жыл иштеген ардагер, Кеңеш айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Азим Божиев:
«Биз буудайларыбызды коңшу Ноокен районуна алып барып тапшырат элек. Элдин муктаждыгы чечилип, буудайды оруп келип эле тапшырып жатышат. Биринчиден жолдун жакындыгы экинчиден сапаты да жогору ун чыгарып бергендигинде болуп жатат. АРИСке ыраазычылык билдирем. Аксакалдардын, элдин атынан долбоор жазаган айылдашыбыз Маматамин Сагыновго да ак батабызды берип, элдин керегине жарай бергиле демекчимин.»
АРИСтин Базар-Коргон, Ноокен райондорунун бизнес-тренери Өмүрбек Ашимбеков: Биздин бизнес партнерубуз Маматамин Сагынов долбоор жызып, тегирмен утуп алган. АРИС тарабынан күнүмдүк сыйымдуулугу 30 тонналык ун чыгаруучу тегирмен, комбикорма чыгаруучу жабдуу, электрокара, трансформатор жана күн панели алып берилди.
Тегирмендин уникалдуулугу күн системасы менен иштегендигинде. Анткени азыркы күндө электр энергиясын үнөмдөө керек болуп жатканда, альтернатива катары күн панелин колдонсо болот.
Тегирменге берилген күн панели 10 Кв энергия берет. Ал энергияны комбикорма чыгарганга пайдаланса болот. Тегирмен саатына 30 Кв энергия сарптайт-деди АРИСтин кызматкери Өмүрбек Ашимбеков.
АУК айылынын тургуну Маматамин Сагынов АРИС менен биргеликте элден сурамжылоо алып, анда көпчүлүктүн айтымында, айылда тегирмендин жоктугу көйгөй жарата турганын белгилешкен. Сурамжылоонун жыйынтыгы менен ишкер долбоор жазып, тегирмен утуп алган. Аянты 2 га ашык эски капманы ондоп түздөп тегирмен куруу башталган.
«Мен 2023-жылы долбоорду жаздым. АРИС колдоп, өткөрүштү. Бир жылдын ичинде ушундай тегирмендүү болуп жатабыз. Биз биринчи кезекте дыйкандардан буудайды алып, аны жогорку сапаттагы ун чыгарып беребиз. Дайыма кампада ун болот. Келип алып кетсеңиздер болот. Райондо жок тегирмендин жабдыктары заманбап болуп, ундун сапаты жогору болот. Биринчи эле буудайды тартып өзүбүз нан, боорсок жасадык. Даамдуу, буудай жыттанган нан болду. Жердештерим да өз баасын берип, жакшы пикирлерин билдирип жатышат»-деди Сагынов.
«Эл үчүн кызмат кылабыз деген Маматамин Сагынов тегирмен элди ун менен камсыздап турса, дыйкандарга жол аксы, убактысы үнөмдөлөт»- деп билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Атыргүл Азимбаева: «Тегирмен иштеп баштаары менен эле Маматамин Сагыновдун үй бүлөсү Кеңеш айыл аймагындагы баардык бала бакчаларга бир мүшөктөн ун берди. Бөбөктөргө таттууларды, токочторду жасап берип жатышат. Сагыновдордун үй бүлөсүнө, АРИСтин жалпы жамаатына, Кеңеш айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукуловго терең ыраазычык билдирет элем. Тегирменден пайдалангыла, өзүбүздүн буудайдан, экологиялык таза ундардан нан жасайлы. Мындан сырткары тегирмендин аянты чоң, буйруса жанына макарон, консерванттык прдукциялар, мөмө-жемиштерди кургатуучу цехтер ачылса демекмин.»
Райондогу элге кызмат кылчуу тегирменден сапаттуу ун алып, дыйкандардын көйгөйү, убактысы, жол чыгымы азаят деген үмүттөбүз.
Гулназ Камбарали кызы