Ак-Талаа районунда балдардын жайкы эс алуусун улай жайлоо бала бакчалары ачылууда. Учурда Тоголок-Молдо айыл аймагынын Бала тапан жайлоосундагы “Келечек муун” бала бакчасында үч жаштан он эки жашка чейинки жыйырма беш бала тарбияланууда.
Жакынкы жерде жайлап жатышкан чабандардын жана каникулга Оштон, Бишкектен келген балдар дагы бар. Окуу программасы министрликтен сунушталып келет. Ошонун негизинде окутулат.
Барчын Мамытбекова