«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров тургундардын суроолоруна жооп берди. Аталган долбоор алты ай бою түз эфирде тургундардын суроолоруна жооп алып берип, айрым маселелердин чечилишине көмөк көрсөттү. Бул …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы байланыш бөлүмүнүн имараты оңдоодон өткөрүлдү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …
Ак-Талаа районунда “Ак-Талаа айымдары” коомдук фонду түзүлүп, өз ишин баштады. Айымдардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу жана кайрымдуулук иштерин көздөгөн фонддун ачылышына аксакалдар, жергиликтүү жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Базар-Коргон районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Улууларга камкордук» аттуу бир айлык акциясын жарыялайт. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов улгайган жарандарга камкордук жана көңүл буруу максатында ар тараптуу жардам …
Аялдар коомдо зор күч жана алар ар убак коомго алдыңкы идеялары менен өзгөртүүлөрдү алып келишет. Дайыма өзүн өстүрүү, билим алуунун аракетинде болуп, мүмкүнчүлүктөрдү издеген айымдар жок эмес. Махабат Чодонова Ак-Талаа …
Ак-Талаа районунда балдардын жайкы эс алуусун улай жайлоо бала бакчалары ачылууда. Учурда Тоголок-Молдо айыл аймагынын Бала тапан жайлоосундагы “Келечек муун” бала бакчасында үч жаштан он эки жашка чейинки жыйырма беш …
27- март күнү Кочкор айылындагы «Сейил» паркында «Демилгелүү жаштар» тарабынан уюштурулган иш- чарага айыл өкмөт жамааты, Кочкор райондук аялдар кеңеши «Кыргыз туризм» компаниясынын мүчөлөрү жана активдүү Кочкор районунун айылдарынын жарандарынын жардамы …
Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан маданий, спорттук иш-чаралар райондук жана айылдык деңгээлде өтүп турат. Айыл өкмөт спорт тармагын өнүктүрүп, мелдештерге жана спортчуларга колдоо көрсөтүүнү негизги багыттарынын бири катары белгилейт.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында жаштар менен бирге иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда жакынкы аралыкта бир долбоордун алкагында жаштар менен иштешүү …
Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.
Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай? Мамлекттик деңгээлде …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Ак-Талаада 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлүп, анда жаш аткаруучулар ыр, элдик жана жекече бий, элдик сапаптарда ойноо боюнча өз өнөрлөрүн …
kyrgyzmedia.kg өлкө аймагында айыл жаштарынын демилгеси менен түзүлүп иш алып барган жаштар топтору менен тааныштырат. Бул жолу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Миң-Куш жаштар борборунун айыл ичинде аткарып жаткан иштери, максаты …
Ак-Талаа районундагы «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси Германия кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында бир топ бир социалдык ишканаларды ачууга жетишти. Аталган долбоор жаштарга жумуш ордун түзүү, иш менен …
Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.
Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы А.Шеримбеков атындагы айылдык маданият үйүнүн кичи залы оңдоодон өткөрүлүп, маданий борбор деп аталды.