Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы байланыш бөлүмүнүн имараты оңдоодон өткөрүлдү.
Аталган айылдагы байланыш бөлүмүндө 20 жыл эмгектен Бузурманкул Сасыковдун балдары тарабынан 730 миң сомго заманбап оңдоодон өткөрүлүп, бөлүмгө Бузурманкул Сасыковдун ысымы ыйгарылды.
Мындан тышкары, айыл өкмөттүн бюджетинен 12 миң сом бөлүнүп берилсе, «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому тарабынан 50 миң сомго эмеректер жана 70 миң сомго техникалык жабдуулар алынып берилди.
Толук оңдоодон өткөрүлгөн имараттын ачылыш аземи белгиленип, ага тиешелүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана Б.Сасыковдун балдары, ага-туугандары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө имаратты оңдоп-түздөөгө салым КРнын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, «Кыргыз почтасы» акционердик коомунун жана Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн сыйлыктары тапшырылды.
Эске салсак, Бузурманкул Сасыков 1932-жылы 15-март күнү Жаңы-Талап айылында туулган. Жубайы Бурмакан Байболотова экөө 12 уул-кыздын ата-энеси болушкан.
Барчын Мамытбекова