Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Ак-Талаа-Баетов» муниципалдык спорт клубу керектүү спорттук инвентарлар менен толукталды. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан 577 400 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50 миң сом бөлүнүп, жалпы суммасы 603 миң сомго спорттук инвентарлар алынып келинди. Алынган маалыматка караганда жарыяланган тендерде жеке ишкер Сырым Беделов жеңип алган.
Спорттук жабдуулар атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде аталган муниципалдык спорт клубдун жетекчиси Калыйнур Рысбековго өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөт башчы Турат Сабыров келечектеги жаш спортчуларга ийгилик каалады.
«Ак-Талаа-Баетов» спорт клубу облустагы жалгыз муниципалдык спорт клуб. Ал 2022-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда бул спорт клубда жаш спорт ышкыбоздору тарбияланат.
Барчын Мамытбекова