Кыл аркан – кыргыз элинин күндөлүк керектөөчү буюмдарынын бири. Аны кыргыздар илгертен мал байлоодо, боз үйдүн жабдууларында, ат чылбыры катары гана колдонуп келген. Учурда аны жасап, кыл аркан эшүү өнөрүн кесип кылгандар чанда кездешет.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Гүлмира Ободоева унутулуп бараткан кыл арканды кайрадан жандандырып, буйрутма менен жасап келет. Айтымында апасынан калган өнөрдү аздектеп, тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн багып келет.
Барчын Мамытбекова