Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда райондук маданият бөлүмү тарабынан мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Манас, маданит жана туризм” фестивалы быйыл 9-ирет өткөрүлдү. Ага жергиликтүү жана башка райондордун бийлик өкүлдөрү, чет элдик меймандар, жергиликтүү тургундар, эл өкүлү Мурадил Сыдыков катышты. Фестивалдын алгачкы бөлүгүндө кыргыз элинин тарыхындагы урунттуу учур театрлаштырылып көрсөтүлдү.
Фестивалдын көрөрмандары
Театрлаштырылган оюн-зоок
Театрлаштырылыган оюн-зооктон көрүнүш
Андан соң район акими Жумадилла Жапаров куттуктап, фестивалдын мааниси-туризмди өнүктүрүү менен бирге кыргыз элинин улут катары баалуулуктарын таанытуу экенин баса белгиледи.
Аким Жумадилла Жапаров
Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков кыргыз элинин маданиятында, тарыхында “Манас” эпосунун орду, кылымдардан бери келе жаткан каада-салт, үрп-адат кийинки урпактарга мурас катары калтыруу керектигин, ал үчүн бүгүнкү муундун алдында чоң милдет бар экенин айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков
«Манас жөн гана улуттук баатыр эмес, ал кыргыздын кылымдан-кылымга жашап келаткан тарыхы десек дагы болот. Азыркыга чейин үрп-адат, тилин, дилин сактап келгени-элдин биримдиги жана ынтымагы» деди ал.
Фестивалдын кийинки бөлүгү маданият кызматкерлеринин, элдик таланттардын ыр-күүлөрү менен уланып, кыргыздын улуттук каада-салтынын бири-тушоо кесүү жөрөлгөсү болду.
Алиманын тушоосу кесилди
Элдик таланттар өнөр тартуулашты
Улуттук кол өнөрчүлүк жарманкеси
Улуттук тамак-аш жарманкеси
Ыр майрамга удаа кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар, жаш сүрөтчүлөр жана жаш манасчылар арасында сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Грамота жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.
Сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү
Кол өнөрчүлүк сынагынын жеңүүчүлөрү
Улуттук оюндардын жеңүүчүлөрү
Мындан сырткары балбандар күч сынашып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Аталган фестивалдын театрлаштырылыган бөлүгүн актер Нуржасын Жумагулов койду.
Барчын Мамытбекова