Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда “Манас, маданият жана туризм” фестивалынын алкагында салт болуп калгандай жаш манасчылардын сынагы өтүп, жобого ылайык 7 жаштан 20 жашка чейинки 16 жаш талант катышты.
Сынактын калыстар курамында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчылары Замирбек Баялиев, Тилек Асан уулу, Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жана райондук маданият үйүнүн директору Гүлжан Турдумамбетова болуп, айтуу техникасына, кыймыл-аракетине, эпосту билүү деңгээлдерине жараша баалашты. Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар алгач эпостун өзү билген, андан соң калыстардын талап кылган бөлүмдөрүнөн айтышты.
Жыйынтыгында,
Баш байге Искендер Канатов (Жумгал району) — диплом жана 20 миң сомдун сертификаты;
1-орун Нурдай Калкарбекова (Ак-Талаа району) диплом жана 15 миң сомдун сертификаты;
2-орун Иса Казыбеков (Ак-Талаа району), Айсанат Эркинбекова (Ат-Башы району) — диплом жана 10 миң сомдун сертификаты;
3-орун Дастан Бексултанов жана Али Дуулатбеков (Ак-Талаа району)- диплом жана 7000 сомдун сертификатына ээ болушту.
Мындан сырткары 5 катышуучуга диплом жана 3 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Барчын Мамытбекова