30-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жаңы Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (КККИ) жыйынтыгын жарыялады. Изилдөөнүн алкагында жалпы Кыргызстан боюнча 7,2 миң кожолуктун арасында 185 көрсөткүч боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүчтөр саламаттык сактоо, билим берүү жана аялдар менен балдарды социалдык жактан коргоо тармактарына тиешелүү болду. Изилдөө ЮНИСЕФтин, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА), АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жана Швейцария Өкмөтүнүн техникалык жана каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.
Жыйынтыктар Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, Улуттук статистикалык комитеттин жетекчилигинин, БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Кристин Грейвдин жана БУУнун түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда атайын тегерек столдо айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасындагы Балдардын укуктары боюнча комиссары, Япониянын, Франциянын жана АКШ менен Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилери, эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
«Биз калктын кирешесинин, керектөөсүнүн жана топтоолордун өсүшү аркылуу байкалган калктын жашоо деңгээлинин реалдуу өсүшүн көрүп жатабыз. Бул жаш балдардын да жашоосун жакшыртууга алып келерин көрүп кубанып жатабыз, анткени, бул – өкмөт тарабынан адамдык капиталга, келечекке, дени сак жана билимдүү калкка жасаган инвестициялардын негизги приоритети. Бул Кыргызстандын улуттук өнүгүүсүнүн эң негизги максаты», — деди Эдиль Байсалов.
Улуттук статистикалык комитеттин адистери балдардын өлүмү, билим берүү мекемелерине баруу, эмдөө, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана башка маанилүү темаларга байланыштуу негизги көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Иш-чаранын катышуучулары суроолорду берип, берилген маалыматтарды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
Изилдөө жаңы төрөлгөн балдардын арасында өлүм көрсөткүчү төмөндөп баратканын көрсөттү: аман төрөлгөн 1000 ымыркайдын 15,6сы чарчап калат, беш жашка чыга элек балдардын арасында 1000 балага 16,5 өлүм туура келет. 15-19 жаштагы өспүрүмдөр арасында төрөт боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй: 1000 аялга 32ни түзөт (ушул курактык топто), бул 2014-жылдагы эсептөөлөргө салыштырмалуу эки эсе аз дегенди билдирет.
Кош бойлуулук учурунда жана андан кийинки мезгилде аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө токтоло турган болсок, изилдөө жалпы Кыргызстан боюнча аялдарда адистерге жана саламаттык сактоо мекемелерине дээрлик жалпы жеткиликтүүлүк бар болгонун көрсөттү.
Балдар арасында эмдөөнүн деңгээли салыштырмалуу төмөн бойдон калууда – 24-35 айлык беш баланын төртөө гана вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган ооруларга каршы эмделип жатат. Изилдөө жүрүп жаткан маалда бардык негизги эмдөөлөрдү алган 12-23 айлык балдардын үлүшү 40,7 пайызды түздү, бул 2018-жылдагы 76,7 пайызга салыштырмалуу кескин төмөндөдү дегенди билдирет.
Тегерек столдун катышуучулары
Сурамжылоо ошондой эле билим берүү жөнүндө маанилүү маалыматтарды бере алды. Башталгыч жана кенже класстарга баргандардын деңгээли дээрлик 100 пайызга жетет, ал эми жогорку класстарда (10-11-класстар) сабакка катышуу деңгээли 87 пайызды түзөт. Башталгыч мектептин биринчи классына барган төрт баланын үчөө гана мектепке чейинки кандайдыр бир билим берүү программасына катышкан.
2-3-класстагы балдардын 49 пайызы гана негизги окуу көндүмдөрүнө ээ (б.а. аңгемедеги сөздөрдүн кеминде 90 пайызын туура окуп, мазмуну боюнча беш суроого жооп бере алышат). Балдардын 34 пайызы гана негизги эсеп чыгаруу көндүмдөрүнө ээ (б.а. сандарды туура санап, салыштырып, аныктай алат).
“Балдардын жана аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн чараларды иштеп чыгууда сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтар өтө маанилүү. Бул демилгени колдоп берген өнөктөштөрүбүзгө – USAIDге, ЮНФПАга жана Швейцария Өкмөтүнө ыраазыбыз. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдардын бакубатчылыгын колдоо үчүн өкмөт жана өнөктөштөр менен ишти уланта бермекчи”, — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
Кластердик изилдөө атайын эл аралык методологияга негизделген. Ал эл аралык деңгээлде өз ара салыштырууга мүмкүн болгон маалыматтарды камсыз кылат. КККИ-2023 жынысы, жашы, географиясы, кирешеси жана майыптыгы сыяктуу негизги мүнөздөмөлөр боюнча бөлүштүрүлгөн 32 глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) индикаторлору боюнча маалыматтарды алууга жардам берди. Бул көрсөткүчтөр ТӨМ индикаторлорунун улуттук топтомун толуктайт.
Кыргызстан буга чейин КККИни 1995-жылы, 2006-жылы, 2014-жылы жана 2018-жылы жүргүзгөн.
Отчетту толугу менен орус, кыргыз жана англис тилдеринде ЮНИСЕФтин сайтынан окуй аласыз.
Даярдаган: Гүлайым Шигайбаева