Кыргызстандагы медициналык кызматкерлер аялдардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн күн сайын күч аракетин көрүшүүдө. Бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан тренингдер жана жакшыртылган терапия ыкмалары, атап айтканда магний терапиясы, преэклампсияны дарылоодо натыйжалуулукту арттырып, энелердин жана балдардын өмүрүн сактап калууда маанилүү роль ойноп жатат.
Дарыгерлер окутуу учурунда
Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Динара Мамбеталиева мындай окуя менен бөлүштү:
«Биздин бөлүм 25-26 жумалык боюнда бар аялды преэклампсиянын оор белгилери менен кабыл алдык. Ал катуу шишип, башы ооруп, кан басымы 150 — 110 эле. Коркунучтуу абалга карабастан баш тартуу арызын жазып, биздин бөлүмдөн чыгып кеткен, бирок эки жумадан кийин ал аял өтө оор абалда кайтып келди. Анын кан басымы 160-170ке жетип, ичиндеги баласы өспөй, өзү дагы катуу шишип, бөйрөгү дээрлик иштебей калган.
Шашылыш түрдө кесардык кесүү чечими эки адамдын өмүрүн сактап калууга жалгыз мүмкүнчүлүк эле. Ымыркай 1700 грамм салмакта төрөлүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Бактыга жараша, аял дагы аман калып, анын кан басымы жана жалпы абалы жакшыра баштады».
Кыргызстанда преэклампсияны аныктоонун жана дарылоонун кыйынчылыктары медициналык аспектилер менен гана эмес, системалуу окутуунун жоктугу жана медициналык кызматташудан баш тартуу менен да байланыштуу.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева баса белгилейт: «Биз окутуунун жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн жетишсиздигине туш болуп жатабыз, ал эми медициналык кызматкерлердин тез-тез алмашып турушу да көйгөйдү курчутат. Райондордон биздин ооруканага бейтаптарды которуунун жакшы иштелип чыккан схемасы бар: төрөт учурундагы аялдардын кан басымы төмөндөтүлүп, абалы боюнча бардык маалымат катталып, магний терапиясы кошулуп бизге өткөрүлүп берилет. 2024-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн тренингдер оор преэклампсияга учураган аялдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн адистердин көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган. Мындай максаттарга өз убагында диагностика жана дарылоо үчүн дараметти түзүү менен жетүүгө болот».
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын анестезиологу Жапар уулу Эрмек төмөндөгүдөй ою менен бөлүшөт: «Бул тренингде биз магний терапиясынын жаңы ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмаштык. Ушул сыяктуу иш-чаралар биздин кесиптештер арасында оор преэклампсияны дарылоого бирдиктүү мамиле түзүүгө жана өлкө боюнча натыйжаларды жакшыртууга жардам берет».
Преэклампсия жана эклампсия Кыргыз Республикасында энелердин жана перинаталдык өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бирок кош бойлуулукту туура көзөмөлдөө жана өз убагында жардам көрсөтүү менен көптөгөн өлүмдүн алдын алса болот. Кыргызстанда преэклампсия жана эклампсия боюнча клиникалык протоколдор кабыл алынган, аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз практикалык окутуудан өтүп турушу зарыл.
«Тренингдердин жүрүшүндө биз шприц дозатору менен магнийди колдонуу сыяктуу практикалык көндүмдөргө жана практикалык көнүгүүлөргө көңүл бурабыз. Бул адам факторун жокко чыгарып ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Магний терапиясында тактык маанилүү, ал эми шприц дозатору калтыроого каршы таасирге ээ болгон белгилүү дозаны камтыйт. Практикалык тренингдин жүрүшүндө катышуучулардын ар бири магнийдин туруктуу нормасын тууралай алышты. Катышуучулар ошондой эле ар кандай практикалык кырдаалдарды карап чыгып, аларды ойноп чыгып, биргелешип талдап чыгышты», — деп билдирди Динара Мамбеталиева.
*************************************************************************************
Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтык долбоору энелердин ден соолугун жакшыртуу боюнча демилгени ишке ашырууда. Индия-БУУнун Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстандагы беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияны колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу аркылуу энелердеги алдын алына турган ооруларын кыскартууга багытталган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.
Гүлайым Шигайбаева