Ак-Талаа районунун 21 мандаттуу Баетов айылдык кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Черленс Азимжанов шайланды. Мандаттарын жана депутаттык төш белгилерине ээ болгон Баетов айылдык кеңешинин алгачкы отуруму болуп, отурумда төрага жана анын орун басарын шайлоо болуп өттү. Анда, төрагалыкка жалгыз көрсөтүлгөн Черленс Азимжанов жана Жакшылык уулу Ильичбек төраганын орун басары болду.
Баетов айылдык кеңешинин депутаты Бекжан Сагынбековдун айтымында, кечээ 27-ноябрь күнү жаңы шайланган депутаттарга мандат жана төш белгилерин тапшыруу аземи белгиленип, ага аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбеков, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турат Сабыров жана жаңы шайланган депутаттар катышты.
Мандаттарын жана депутаттык төш белгилерине ээ болгон Баетов айылдык кеңешинин алгачкы отуруму болуп, отурумда төрага жана анын орун басарын шайлоо болуп өттү. Анда, төрагалыкка жалгыз көрсөтүлгөн Черленс Азимжанов жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 депутаттын колдоосуна ээ болгон. Ал депутаттыкка Баетов айылынын №4090 Ветборбор шайлоо аймагынан аттанып, 346 добушка ээ болгон.
Ошондой эле, төраганын орун басарлыгына жаш депутаттар тарабынан шайлоодо 488 добуш алган Жакшылык уулу Ильичбек көрсөтүлгөн. Ал эми аял депутаттар тарабынан шайлоодо 308 добуш алган Назира Акматова көрсөтүлүп, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жакшылык уулу Ильичбек 12 депутаттын колдоосу менен төраганын орун басары болду.
Барчын Мамытбекова