Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары Эл аралык «Россия жана Кыргызстан достугу» сынагына катышып, 1-орунду камсыздашы. Сынак 3 тур менен өттү. 1-этап эссе жазуу, 2-этап мотивациялык кат, ал эми 3-этап Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө видео тартуу болчу. Сынакка жалпысынан 200дөн ашык мектеп катышып, алардын ичинен Корчубек Акназаров мектебинин окуучулары тарткан проект эң мыкты деп табылды. Сынактын катышуучулары 11-класстын окуучулары Эркеайым Туткабаева, Милана Тынчтыкбекова жана 7-класстын окуучусу Элман Адылов. Ал эми даярдаган мугалимдери Галия Сыдыкова жана Айжан Акунова.
Бүгүн, бул сынакта өзүнүн уникалдуу идеясын жана талантын көрсөтүп, башкаларды суктандырган Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-классынын окуучусу Эркеайым Туткабаеваны маекке тарттык.
-Сынакка кантип катышып калдыңыз?
Сынак тууралуу класс жетекчим жана тарых мугалимимен угуп катышкам. Сынактын жүрүшү мени абдан кызыктырды. Ошол себептен бул сынакка катуушуну чечтим.
-Сынакка даярдануу процессинде кандай кыйынчылыктар болду, аларды кантип жеңдиңиз?
Негизинен сынак эки этапта жүрдү. Биринчиси — өтүнмө кетирүү. Анын ичинде эң негизгиси бул мотивациялык кат болду. Негизи видеороликке көп креативдүү идеялар бар болгондуктан, биринчи этап кыйынчылык туудурган деле жок. Бирок экинчи этабында, тактап айтканда, тартуу учурунда, албетте, кыйынчылыктар болду. Эң чоңу — бул тартылганга каармандарды, актёрлорду табуу экен. Бирок жакын адамдарымдын колдоосу менен маселе оңунан чечилди. Ошондой эле монтаж учурунда ар бир учурду идеалдуу көрсөткүм келди. Ошондуктан 3 күн түнү бою 3 түрдүү телефон менен мантаждаган учурлар да болгон.
-Жеңишке жетүүдө сиз үчүн эң чоң мотивация эмне болду?
Бул сынак башталарда жакын курбумдун бири «Биз жеңебиз!»- деп абдан жакшы колдоо көрсөтүп берген. Ал курбумдун айткан сөзүн аткаргым келгени үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым.
-Сиздин оюңузча бул ийгиликтин негизги себептери кайсылар?
Менин оюмча ийгиликтин негизги себеби бул- топтук иш, ролдорду аткарып берген окуучулардын жардамы. Улуу-кичүүсүнө карабай тартылып, кошо жардам бергенинде деп ойлойм.
-Сынакта алган билимиңиз жана тажрыйбаңыз сиздин келечектеги максаттарыңызга кандай таасир этет деп ойлойсуз?
Негизи мен өзүм дагы видео тартуу жана монтаждоо сыяктуу нерселерге кызыгам. Эгер азыртадан баштап видео тармагында иштей баштасам, кийинки жашоомо дагы чоң жардамын тийгизет деп ойлойм.
-Сизден үлгү алгысы келген окуучуларга кандай кеңеш берет элеңиз?
«Бул чоң конкурс. Биз мындан ута албайбыз, жеңишке жетпейбиз» деген ойлордон таптакыр алыс болуу керек. Себеби мен дагы бул убакытка чейин ушул ой менен жүрүп келчүмүн. Кийин өзүмө ишене баштаган соң, бул боюнча оюм абдан өзгөрдү. Ошондуктан эң негизгиси өзүңөргө ишенгиле жана коркпогула демекчимин.
Акылай Болотбекова, Гүлира Сатарова