27-28-29-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан айым-режиссерлорунун VI эл аралык Кинофоруму болуп өтөт. Иш-чара актриса, кинорежиссёр Клара Юсупжановага арналат. Кинофорум Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департментинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Кыргызстан айым-режиссерлорунун VI Кинофорумуна катышуу үчүн Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан 50 дөн ашуун тасмалар келип түштү. Булар – кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар. Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссерлор, операторлор жана монтажерлер киришти.
Комиссия тарабынан 17 тасма тандалып алынды: Казакстандан 5 тасма, Өзбекстандан 1, Тажикстандан 1 жана Кыргызстандан 10 тасма. Кинофорумда жалпысынан 17 айым-режиссердун фильмдери көрсөтүлөт. Кинофорумга Татарстан Республикасынан жана Өзбекстандан кинематографист коноктор келишет. Кинофорумдун алкагында 24-27-ноябрь күндөрү Өзбекстандан келген конок, Ташкент эл аралык анимация форумунун директору, кинорежиссёр Данте Рустав кыргызстандык айымдарга “Төрт күндө кантип анимация тасмасын жаратса болот?” темасында воркшоп өтөт. Ошондой эле Атамекендик тажрыйбалуу айым-режиссерлордун, изилдөөчүлөрдүн катышуусунда тегерек столдор, талкуулар уюштурулат.
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү (Я.Логвиненко көч., 13)
Кинофорумдун биринчи күнү салтанаттуу ачылыш аземи менен башталат. Ачылышта Клара Юсупжанованын өмүр жолу, чыгармачылыгына арналган Тыныстан Темиржандын “Клара” тасмасы, башкы ролдо Клара Юсупжанова ойногон “Түштүк кызы” тасмасы (режиссёрлору Б.Абдылдаев, Л.Гуревич) көрсөтүлүп, анын артынан мастер-класстар берилет. Кинофорумдун экинчи күнүндө эртеден кечке чейин 17 айым-режиссёрдун тасмалары көрсөтүлүп, режиссёрлор менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооптор орун алат. Ал эми Кинофорумдун үчүнчү күнү изилдөө долбоору, жаш режиссёр Алина Байтокованын “Умай” даректүү тасмасынын бет ачары, мастер – класстар жана Кинофорумдун жабылыш аземи болуп өтөт. Жабылыш аземинде Кинофорумда көрсөтүлгөн мыкты тасмаларга дипломдор, сыйлыктар ыйгарылат.
2016-жылдан тартып Кыргызстан айым-режиссерлорунун эл аралык Кинофоруму «Азия чыгармачыл айымдарынын» фонду тарабынан өткөрүлүп келет. Кинофорум өлкөбүздөгү режиссер айымдардын тасмаларын чоң экрандан көргөзүүгө мүмкүнчүлүк берип, алардын бир аятнчада жолугушуп, өз ара пикир алмашуусуна шарт түзгөн, айым-режиссерлорго арналган Кыргызстандагы жалгыз иш чара болуп саналат. Кинофорумдун максаты — айым-режиссерлорду бир аянтчада чогултуп, бири-бири менен пикир алмашышып, коомдогу актуалдуу проблемалардын үстүндө талкуу кылышып, маселелердин чечилиши жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү болуп эсептелет. Белгилей кетсек, V юбилейлик Кинофорум 2023-жылы Ош шаарында өткөн. Кинфорумдун автору жана директору Асель Жураева.
Айгерим Кубатбекова