Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде медициналык кабинет ачылып, 0,5 ставкада мед айым жумушка алынып, окуучулардын ден соолугу көзөмөлгө алынууда.Атайын кабинет ачылгандыгына байланыштуу кант диабети же талма оорусу бар, ден соолугунан көйгөйү бар окуучуларга дары ичип же укол алууга шарт түзүлдү. Анын негизинде окуучуларга жуманын биринчи күнү дайыма «Тазалык күнү » деп аталып окуучулардын тазалыгы текшерилип, көзөмөлдөнүп , ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
MSDSP KG коомдук фонду «Ден соолуктун негиздери жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасын ишке ашырып келүүдө.Бул долбоор Нарын облусунун Нарын шаарынын, Ат Башы, Ак Талаа, Нарын райондорунда жана Ош облусунун райондорунда иш алып барууда.
Долбоордун негизги багыттары:
-Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн саламаттык системасын чыңдоо;
-Аялдар уюмдарына , жогорку билим берүү боюнча өнөктөштүккө жана гендердик теңчилик боюнча программаларга өзгөчө көңүл буруу менен долбоордук аймактарда жарандые коомду чыңдоо аркылуу гендердик теңчиликке илгерилетүү;
Алсак, долбоордун пилоттук мектептеринде окуучуларга жылда өткөрүлчү медициналык кароону сапаттуу уюштуруу максатында медициналык кабинеттер түзүлүп, жабдуулар (ростомер, электрондук тараза, кушетка, ширма медициналык, стол, стул) менен жабдылган. Ошондой эле долбоордун алкагында ата-энелер үчүн «Үй-бүлөдөгү өспүрүмдөр тууралуу» колдонмо, 6-11-класстардын окуучулары үчүн сергек жашоо мүнөзү боюнча жумушчу дептерлер, , мектептердеги медициналык кызматкерлер үчүн усулдук колдонмо иштелип чыккан жана пилоттук мектептерге таркатылып берилген. Бүгүнкү күндө мектеп ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө атайын эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты: МДКнын өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана бакубаттуулугуна зыяндуу жүрүм-турумду, адаттарды өзгөртүү боюнча иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү потенциалын күчөтүү, окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин сергек жашоо мүнөзүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болду.
Ө.Токтосунов мектебине да долбоор аркылуу мед. кабинет ачылып, окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул долбоор менен ар бир мектептин ден соолук комитетинин мүчөлөрү окутулуп, билимдери жогорулатылып турмакчы.
Алия Алымкулова