Ак-Талаа районундагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде “Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда инновациялык педагогикалык технологиялардын ролу” аталышында облустук семинар өткөрдү.Семинар инновациялык технологиялардын жардамы менен окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин,логикалык ойлоосун, STEM предметтерине болгон жөндөмүн өнүктүрүү, чыгармачылыгын арттыруу максатында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Семинарга Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Мамытов жана өкүлдөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кочкор, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун , Нарын шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мугалимдер, Ак-Талаа РБББнүн башчысы Ж.Сыдыков, методисттер жана мектептин директорлору катышты.
Семинарда 12 жылдык билим берүүгө өтүү, билим берүү тармагындагы жаңылануулар боюнча маалыматтар берилип мугалимдин адистик компетенттүүлүгү, педагогикалык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүгү белгиленди.
Алынган маалыматка караганда семинардын жүрүшүндө ачык сабактар, класстык сааттар өтүлүп, мастер- класстар көргөзүлүп, интеллектуалдык таймаштар,тренингдер, ийрим иштери болуп өттү.
Барчын Мамытбекова