Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай?
Мамлекттик деңгээлде жаштардын коомдук-саясий иштерге аралашуусу 18,4% түзүп, жаштардын жарымынан азы шайлоого катышат жана көбүн эсе тек шайлоочу катары чектелген, талапкер жана байкоочулар аз. Коомдук ишке аралашуусу, анын ичинде ыктыярчылык 12% пайызды гана түзөт.
Жергиликтүү бийлик канчалык деңгээлде колдойт жана жаштар активдүүбү деген суроолорду «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында жаштар өз айылдарында изилдөө жүргүзгөн.
Ушул долбоордун катышуучусу жана коомдук активист Жавахыр Мирзаев изилдөө процесси кандай болгонун жана жаштар боюнча өз оюн айта кетти:
Жавахыр Мирзаев: «Жаштар азыркы учурда активдүү эмес. Себебин айта кетсем, биздин өкмөттүн жаштары акыркы 4-5 жылдан бери билим жана спорт боюнча алдыга чыккан жок. Аракет кылып чыккандар бар, бирок алар өтө аз. Коомдук иштерге катышпайт. Өз позициясын көтөрүп чыккандар жокко эсе.»
Могол айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы Кыял Тиленов коомдук угууларга катышууга жаштардын кызыкчылыгы жок деп билдирди.
Кыял Тиленов: «Могол айыл өкмөтүнүн жаштары миграцияда көп жүрүп, айылда басымдуу бөлүгү студенттер жана окуучулар. Негизи коомдук уктуруу эл үчүн. Ал жерде чоңдор, имамар, аялдар, иштегендер келет деген сөз жок. Сөз жаштардын өздөрүнүн кызыкчылыктарынын жоктугунда болуп жатат. Коомдук уктуруу болот деп жарыя кылабыз. Атайын келип, уктурууларга, ачык сессияларга катышса болот. Жаштардын айыл өкмөттүн ишине өнөктөш болуусу эң жакшы. Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов да бул нерсени колдойт. Жаштар менен биргеликте көп иштерди алып барабыз. Жумушчу топ менен биргеликте 6 айылга элдик жыйындарды өткөрүп келдик. Ал жакта элдин көйгөйлөрү, жаштарды уктук. Негизги иш планыбызды түзүп алдык».
Могол айыл өкмөтүнүн тургуну Эржан Анаркулов жаштарды демилгелүү болууга чакырып, жергиликтүү бийликтин жаштарга көнүл буруусу керектигин баса белгиледи.
Эржан Анаркулов: «Жаштар өздөрү кайрылышпайт. Каалоосу болсо максатына жетсе болот эле. Өз демилгесин көтөрүп чыгышпайт жана кантип кайрылышты да билбейт. Оозеки айтып гана чектелип калышат. Бир эле жаштар эмес жергиликтүү бийликтин дагы көңүл буруусу аз. Жаштардын көйгөйлөрүн билишпейт. Майрамдык иш чаралар өтпөйт. Спорттук иш чаралар абдан аз санда өткөрүлөт».
Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координару жана «Демилгелүү жаштар» Могол жумушчу тобунун жетекчиси Гулназ Камбарали кызы жаштар үчүн окутуу борборун ачуу керектигин баса белгиледи.
Гүлназ Камбарали кызы: «Жаштарыбыз кайдыгер деп эсептейм, анткени алар көп жылдардан бери өз ойлорун айтпай, коомдук иш чараларга катышпай келишүүдө. Ушул себептен болсо керек деп ойлойм. Жаштар үчүн шарттар дагы жок. Биз азыр алар үчүн окутуу борборун ачуу аракетиндебиз. Эгерде борбор ачылса, ар түрдүү курстар пайда болуп, жаштар бош убактысын окутуу борборунда билим алышат. Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов да колдоосун билдирди».
Могол айыл өкмөтүн эң приоритеттүү көйгөйлөр деп жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттардын жоктугу айтылды. «Демилгелүү жаштар» Могол жумушчу тобу өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгында:
Жаштардын активдүү эместигинин себеби жаштардын кайдыгерлигинде, маалыматтын жоктугунда, кайрылуу жолун билбегендиктен ж.б. Ошол эле учурда жаштардын көбү өз көйгөйлөрүн жеткирүүнүн эффективдүү каналы тууралуу ойлонгон эмес. Өз муктаждыктарын жаштар коомдук угуулар, жаш депуттар аркылуу, каттарды жөнөтүү аркылуу жана шаардык депуттар менен жолугушуу аркылуу чечсе болот дешет. Ушул жолдорду колдонуу аркылуу жаштардын муктаждыктарын тек гана- 14% жеткиришет.
Бул абалды өз учурунда жергиликтүү бийликтин органдары да тастыкташкан. Алардын айтымында жаштар коомдук, бюджеттик угууларга аз санда катышышат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан жаштар маселеси бюджеттин тартыштыгына байланыштуу тек гана майрам учурунда белек берүү аркылуу гана ишке ашаарын айтышты.
Чындыгында изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй жана жергиликтүү бийлик жана улуу муундар жаштарды өз маселелерин чечүүдө активдүү субъект катары көрүшпөйт жана жаштардан тартип маселесин бекем сактоосун гана күтүшөт. Жалпы саясат жаштарды аралаштырууга багытталган эмес.
Жаштардын активдүүгүн көтөрүп жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өнөктөш болуп, биргеликте иш алып барсак деп максат койгон жумушчу топ айыл эли үчүн, жаштар үчүн аракеттенип, иштешебиз деп ишенишет.
Бул макала Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Тимурлан Мелисбеков
Аудио: Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген?