Нарын облусунун Ат-Башы районунун Чатыр-Көл кинотеатрында «Көйкашка» уюму тарабынан уюштурулган «Жылдын мыктылары» аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
«Көйкашка» уюму бул жөрөлгөнү уюштурганына 5жылдын жүзү болгон. Алгач бул сыйлык тапшыруу аземи Ат-Башы жергесинде деле уюштурулуп келсе, акыркы жылдары Нарын облусунун райондоруна да кулачын жайган.
2021-жылдын 28-май айында уюштурулган сыйлык тапшыруу аземине Кочкор районунун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими жана үч окуучу барып, сыйлыктарга ээ болуп келишкен.

Нарын облусу боюнча 21 мугалим «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланды

«Соң-Көл» орто мектебинин мугалими Майрамбек кызы Бурул «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланды

«Жылдын таланттуу окуучулары»

«Жылдын таланттуу окуучусу» деп Арстанбекова Альбина сыйланды

«Жылдын мыкты окуучулары» наамына 21 окуучу татыктуу болду

Мусаева Нуркыз «Жылдын мыкты окуучусу» медалы менен сыйланды

Спорттук оюндун мыктылары-2021

Сыйлоо учуру

Асанбеков Улан «Жылдын спортчусу» деп табылды

Майрамбек кызы Бурул кыргыз тилин өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

«Жылдын мыктылары»-2021
Элеттик окуучу жогорку окуу жайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алды
Айпери Марлес кызы