Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Конушбаева Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жайкы оңдоо иштерине даярдык көрүлүп, ремонт иштери башталды.
Учурда мектеп жамааты, анын ичинде мугалимдер, техникалык кызматкерлер жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары билим берүү мекемесин жаңы окуу жылына даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Оңдоо жана тазалоо иштери этап-этабы менен аткарылып жатат.

Бул демилгеге 9 жана 11-класстын окуучулары да активдүү катышып, мектептин айланасын жана имаратын ирээтке келтирүүгө көмөк көрсөтүүдө. Алар мугалимдер менен биргеликте эмгектенип, мектептин көрктөндүрүлүшүнө өз салымдарын кошуп жатышат.
Мындай иштер жаңы окуу жылын таза, коопсуз жана ыңгайлуу шартта баштоого өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Айдай Сагынбаева