Нарын районунун Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, билимде жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн окуучулар менен мугалимдер сыйланды.

Салтанаттуу иш-чара 29-май күнү өтүп, окуу жылын жалаң “5” деген баалар менен аяктаган окуучуларга мектептин Ардак грамоталары жана атайын стипендиялар тапшырылды.
Айылдын жана мектептин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келген жарандардын демилгеси менен уюштурулган “Калыбек Абдышүкүров”, “Жеңиш Султанова” жана “Уулкан Атабекова” атындагы стипендиялар 18 окуучуга ыйгарылды. Кызыл күбөлүк жана кызыл аттестат менен мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө 3000 сомдон, ал эми башка мыкты окуучуларга 500 жана 1000 сом өлчөмүндө сый акылар берилди.

Мектептин намысын коргоп, интеллектуалдык таймаштарга активдүү катышып келген 9-класстын окуучулары да мектеп бүтүрүүчүсү Кайыркүл Арыпбекованын белектерине ээ болушту.
Мындан тышкары, “Мыкты мугалим – 2026” кароо-сынагында республикалык этапка жолдомо алган физика мугалими Майрам Аалыбаевага эс алуу үчүн Ташкент шаарына жолдомо тапшырылды. Ал эми мектептин физика кабинетине заманбап акылдуу доска белекке берилди.

Ошондой эле 1986-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр азыркы окуучулар үчүн телевизор тартуулашты. Жыл ичинде ийгиликтүү эмгектенген мугалимдер райондук, облустук жана жергиликтүү деңгээлдеги Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, А.Аралбаев атындагы мектепте быйылкы окуу жылын 517 окуучу аяктап, аларга 41 мугалим билим берди. Мындай сыйлыктар окуучуларды билимге умтулууга шыктандырып, мугалимдердин эмгегине дем берүүдө маанилүү роль ойнойт.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева