1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Бишкек шаарындагы Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборундагы балдар менен жолугушту. Аларга куурчак театрын көргөзүшүп, белектерди тартуулашты.

Иш-чаранын демилгечиси, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун коом менен байланыш боюнча адиси Жеңишгуль Тоголокова балдар үчүн атайын куурчак театрын даярдаган. Анда жер жемиштерди жууп жеш керектигин мааниси чагылдырылган. Аталган борбор жарандардын ден-соолугунун бекем болушун жана ооруларды алдына алуу менен алектенет:
“Биз бул күнгө карата балдарга кубаныч тартуулоону кааладык. Өзгөчө жаш балдар үчүн бүгүнкү майрам өзгөчө маанилүү. Биздин борбордун дарыгерлери колунан келген акча каражаттарын чогултуп беришти. Ал акчага балдарга тазалык бумдарын жана татууларды алып келдик. Негизги максат балдардын ден-соолугу чың болуусу үчүн туура тамактануу, көнүгүүлөрдү жасоо жакшы адаттарды жомок аркылуу көрсөтүп берүү. Бул биздин балдар арасындагы биринчи иш-чарабыз. Мындан ары дагы ар кандай праграммаларды өткөрүүнү пландап жатабыз.”-деп билдирди Жеңишгуль Тоголокова.

Социалдык жактан адаптациялоо борборунун директору Мукаран Атамырзаева айтымында, аталган борбор 21жылдан бери иштейт. Учурда борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки жетим, жарым жетим, кароосуз калган балдар жашайт:

“Биздин борборго балдарды күнү-түнү кабыл алабыз. Алар бул жерде 6 ай жашашат, андан кийинки жашай турган жерин комиссия чечип, жөнөтөт. Бизге жакын жайгашкан 2 мектепкке барып окугандары бар, өзүбүздө дагы ар кандай ийримдер бар аларга кызыгып катышышат. Атайын майрамда келип куттуктап көңүлдөрүн көтөргөн Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистерине ыраазычылык билдиребиз”.



Майрамдын катышуучусу Салия 13 жашта. Ага бүгүнкү майрам өзгөчө жакканын айтат. Куурчак театры аркылуу жомок көрүп жатып жер-жемиштерди жууп жеш керектигин үйрөнүп алдык:
“Бүгүн сонун жомокторду коюп беришти. Бизге абдан жакты. Кээде шашып жашылчаларды жуубай эле жеп жиберебиз. А бүгүн болсо андай кылсак көзгө көрүнбөгөн микробдор кирип кетерин түшүндүк. Жокмокто болсо, ач көз болбоо керектигин бпшкаларга жамандык каалабаш еерек экенин билдик. Абдан көңүлдүү болду. Уюштургандар рахмат.”
Айгерим Кубатбекова