Төлөк айылында «Балдарды коргоо күнүнө» карата бөбөктөргө акчалай жардам көрсөтүлүп, бекер бал муздактар таратылды.

Бөбөктөр үчүн бал муздак таратылды
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Чекирбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
«Балдарды коргоо күнүнө» карата, айылдын маданият үйүндө чакан иш чара өткөрүлдү. Мында 24 балага 300сомдон акчалай жардам көрсөтүлүп, 210 балага бекер бал муздак таратылды. Бул иш чаранын каржы маселесин VI чакырылыштын депутаттары бөлүп карап берген. Андан сырткары көңүл ачуу үчүн, оюн-зооктор, бийлер дагы уюштурулду.

Акчалай жардам алган бөбөктөр

Бөбөктөр бул күндү жакшы өткөрүштү

Бал муздак алууга даярданган бөбөктөр
Айпери Марлес кызы