Т.Кулатов айылында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш- чаралар болуп өттү. Ал иш чарага айыл өкмөт тарабынан 70000 сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакчаларга белектер берилди.
Т.Кулатов айыл өкмөт башчысы Аманилла Абдылдаев:
«1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата ар бир бала бакчаларга айыл өкмөт тарабынан 70000 сом акча каражаты бөлүнүп белектер берилди. Ал иш чараларга Т. Кулатов айылындагы депутаттар барып балдарды куттуктап жана бала бакчалардагы тарбиячыларды айылдык кеңешинин ардак грамоталары менен сыйлап келишти. Т. Кулатов айылынан чыккан Кыргыз Республикасынын 5-чакырылышынын депутаты Махабат Мавлянова ар бир мектептин ас камсыз болгон 70ке жакын окуучуларын чакырып өзүнүн атынан белектерди берди. Балдарга узун өмүр жана бактылуу балалыкты каалап кетем»,- деп билдирди Аманилла Абдылдаев.
Жумагул Көчкөнбаева