Кесип тандоодо кызыкчылыктарды, жөндүмдү, баалулуктарды жана жашоо максаттарды эске алуу керек. Кесип тандоо бул биздин жашообузга жана карьерабызга таасир эте турган чоң чечим. Ошондуктан кесипти кылдаттык менен туура тандоо зарыл.
Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинин директору Гүлмайрам Ысмаилова мектеп тарабынан бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоо боюнча ар кандай иш- чаралар көрсөтүлүп жатканын билдирди.
“Бүтүрүүчүлөрдү Оштогу ЖОЖдор менен тааныштырып келдик. Андан сырткары өзүбүздүн Ноокат районундагы лицей, гимназиялар менен байланышып, бекер тесттерди алып келип, окуучулар менен мугалимдер арасында талкуулар жүргүзүлүп, ЖРТга даярдыктар жүрдү.”
Мектеп директорунун айтымында баланын кесип тандоосуна мугалимдер менен ата-энелер да таасирин тийгизишет:
“Көбүнчө бизде ата-энелер же болбосо мугалимдер ушул кесипти тандагыла деп окуучуларга таңуулап койгон учурлар көп кездешет. Бала өзү жактырган, каалаган кесибин тандаш керек, эгерде ал өзү каалабай барган болсо анда кийин ишинде кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Өзү жактырган кесиптин негизинде иш жүргүзсө, ал көп ийгиликтерге жетет деп ойлойм.”
11-класстын окуучусу Айгерим Медербек кызы окуучу өзү кызыккан кесипти тандоо керек деген пикирге кошулат. Ал кичинесинен мугалим болууну кыялданат:
“Мен мугалимдик кесипти тандадым, англис тили мугалими. Мен мурунтан мугалим болгонго кызыкчумун, келечекте мыкты мугалимдерден болом деген ойлорум бар.»
Ал эми Бермет Төрөниязова мектепти бүткөндө Милиция академиясына тапшырууну каалаган, бирок ата энеси бул кыз бала үчүн кооптуу деп мугалимдикке тапшыртышкан.
“Былтыр ЖОЖду бүттүм бирок мугалим болуп иштей турган оюм жок, башка жол жок болуп атса иштешим мүмкүн. Бирок Милиция академиясына тапшырбай калганыма өкүбөйм, себеби азыркы учурда БАЭде стюардессалар үчүн Эмирейтс Авияциялык колледжинде окуп жатам. Стюардесса болуу менин балалык кыялым болчу.»
Арбын айылынын тургуну, фармацевт Саламат Аширбекованын оюу боюнча кесиптер жынысына карап бөлүнбөйт.
“Мугалимдик кыздарга жакшы, балдарга милиция болгон жакшы, же болбосо кыз бала да аскер кызматчысы болмок беле деген сөздөр коомчулукта көп айтылат. Кесип тандоодо балдарга кысым көрсөтүп, ал үчүн чечим чыгарбашыбыз керек. Өзү чечим чыгарып өзү үчүн жоопкерчиликти өзү алганга үйрөткөнүбүз жакшы эмеспи.
Кесип тандоо жашообуздагы эң маанилүү кадам болуп эсептелет. Өз кызыкчылыктарыңызга, жөндөмүңүзгө, баалуулуктарыңызга жана жашоо максаттарыңызга карап туура кесип тандоо маанилүү. Ар бир адам каалаган кесибинин ээси боло алат. Кесип кыздарга тиешелүү же балдардыкы деп бөлүнбөшү керек.
Кожонова Аймончок