Элибизде кыздарды сыйлап, мейман деп аздек мамиле жасалат. Бирок ошол эле учурда аларга карата чектөөлөр менен бирге каада-салт же жүрүм турум, жыныска байланыштуу бир катар стандартты сактоо талаптары бар. Ал стандарт көпчүлүк учурда кадимки көрүнүш катары кабылданат.
Баетов айылынын тургуну Жыпар Кубатбекованын эки кызы бар, улуусу быйыл орто мектепти аяктап жатат. Кызымды турмушка узатарда албетте кеп-кеңешимди айтам дейт.
“Ар бир ата-эне баласын же кызын бактылүү көргүсү келет, барган жеринде орун-очок алып калса деп тилейт. Менин эки кызым бар. Эгер турмушка узата турган болсом албетте бактылуу болушун тилек кылам. Ким эле уул кызым жаман болсун десин. Башка элге, башка жерге бүлө болуп кетип жатасың эрте тур, түшкө чейин уктаба, каяша сүйлөбө, ысыгырак чай бер, тыңырак бол, мени кандай көрсөң кайын энеңди ошондой көрүп сыйлап ал, ал үйдүн эрежелерине баш ий деп кеп-кеңеш айтсам керек”.
Адистердин айтымында кыздар турмушка чыгарда айтылуучу эрте тур, ысык чай бер, түшкө чейин уктаба өңдүү сөздөр- стандарт болуп саналат. Психолог Жумаказы Жуманазаров кыздар мына ушул стандарттарды аткарууга аракет жасайт деген оюн айтты.
“Келиндер ушул нерселерди аткара албаса уялат, өздөрүн күнөөлүү сезет. Кыздарды стандарт менен баалоо -өкүнүчтүү. Чындыгында инициатива ар бир кишинин өзүнөн чыгыш керек да. Мен ойлойм эгер ата-эне “кызым бойго жеттиң, үй-бүлө куруп атасың. Үй-бүлөнү сүйүү менен куруш керек. Кайын журтка урмат-сый болуш керек. Бул бая сен карызсың, жасашың керек эмес. Чын дилден жасалыш керек деп айтсак туура болот деп ойлойм.
Ал эми 25 жаштагы Айдананын (аты өзгөртүлдү) турмушка чыкканына туура 15 күн болду. Каарманыбызга апасы кайын журтка мамиле кылууну эс тарткандан баштап үйрөтө баштаган.
“Негизи бизде күйөөгө, бөтөн үйгө кетип жаткан кыздын психологиялык абалы менен эч ким эсептешпейт. Уят болбойлу кепке калбайлы деп аракет кылышат албетте. Бирок мен кайын журтумда эң биринчи үй-бүлө мүчөсү, адам катары ордум болушун каалайм. Апам турмушка чыкканга чейин эле кайын журтка, күйөөгө мамиле жасоо, жүрүм-турум тууралуу кулагыма куйчу. Аларды көкүрөгүмө түйдүм. Ошентсе да келин же кайын журт дебей эки тараптан тең сый-урмат мамиле болсо эч маселе жаралбайт”
Стандартты кабыл албаса анда пикир келишпестиктерге алып келет дегенибиз менен жакындары же апасы тарабынан кеп-кеңештердин кесепети болушу мүмкүн экениндигине Жумаказы Жуманазаров токтолду.
“Негизи эле стандартты кабыл албаса коом менен тирешип калышы мүмкүн. Ошл себептүү келин өзү түшүнүп, чечим кабыл алышы керек. Эгер биз стандартка киргизсек өзүн күнөөлөө сезимдери күчөйт, ден-соолугуна зыян. Ошол себептүү аларды насаат катары айтуу туура болот”.
Жаңы барган келинге кайын журтка кызмат кылуунун эмес, аларга сый-урмат менен мамиле кылуунун жол-жобосун үйрөнүү маанилүү. Андыктан эрте тур, ысык чай бер деп таңуулабай, ал үйдө келин эмес, үй-бүлө мүчөсү катары калыптануусуна көмөк көрсөтөлү.
Барчын Мамытбекова