Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 1- июнь балдарды коргоо күнүнө Чолпондун маданият үйүндө балдарга бал муздак таратылды. Ошондой эле бала бакчаларда да бул майрам белгиленип бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүн мектепке узатышты.
Маданият үйүндөгү бал муздак таратып жаткан учур
Айылдын балдарынын сүйүнүчүндө чек жок
200 даана балмуздак таратышты
Чолпон айылында 1- июнь күнү «Аль-Ихлас» Кочкор кайрымдуулук бирикмесинен кишилер келип бал муздак таратышты. 2- июнь күнү «Бүчүр-Таалай» жана «НурЧолпон» бала бакчаларында майрам уланды. Майрамда балакайларды узатышып белектерди таратышты.
Эсен Тойтоев
«Аль-Ихлас» Кочкор кайрымдуулук бирикмесинин төрагасы Эсен Тойтоев: «Биз, Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмеси көптөн бери кичинекей балдарга жардам берип келебиз. Бүгүн аз болсо дагы балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында бал муздак алып келдик. Баардыгы 200 даана бал муздак. Чолпон айыл өкмөтүнүн ичинен Ара-Көл, Туз, Ак-Учук жана Кара- Суу айылдарына барууну пландап жатабыз. Бул убакка чейин деле айылдарга келип жүрчү элек. Чолпон айылына дагы келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылып, азык-түлүктөрдү алып келгенбиз. Учурда Кочкор, Шамшы, Көк-Жар айылдарына барып келдик».
«Бүчүр-Таалай» бала бакчасынын майрамдык кечесинен үзүндү
Бала бакчаны бүтүргөн балдар
Майрам жогорку деңгээлде өттү
«Бүчүр-Таалай» жана «Нур-Чолпон» бала бакчаларында дагы 2-июнь күнү «1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата чакан концерт уюштурулду. Ошону менен биргеликте ал жакта тарбияланып жаткан жаш балдарга айыл өкмөтү тарабынан белек берилди.
«НурЧолпон» бала бакчасынын тарбиячылары жана жумушчулары
Бөбөктөрдүн бала бакчадагы акыркы элес
Кусейин Марат уулу, Акылай Болотбекова