Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашы өткөрүлдү. Таймашка жалпысынан райондогу 12 мектеп катышты. Акыл таймашка меценат, ишкер айым Мавлянова Махабат демөөрчүлүк көрсөттү.
Таймаштын жыйынтыгында
1-орунду Ынтымак айылындагы Т.Кулатов атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылды.
2-орунду Баглан атындагы орто мектебинин окуучулары.
3-орунду Арык-Бою атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылды.
Жыйынтыктоо учурунда
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Махабат Мавлянова
Баглан атындагы орто мектебинин директору Сайибжамал Жолдошова:
Сайибжамал Жолдошова
«Акыркы учурда мындай иш чаралардын саны азайып, дээрлик өткөрүлбөй калды. Бүгүн Махабат Мавлянова демөөрчүлүк көрсөтүп, биздин жаштарыбызга үлгү болуп, акыл таймашты баштап олтурат. Жалпы мугалимдердин жана окуучулардын атынан ыраазычылык билдиремин. Мындай иш чаралардын далайын өткөрүп, биздин сыймыгыбыз болуп жүрө берсин. Акыл таймашта Баглан атындагы орто мектебинин окуучулары 2-орунду камсыз кылды. Буйруса 2-турга да даярдыктарды баштайбыз», — деди Баглан атындагы орто мектебинин директору Сайибжамал Жолдошова
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Окуучулардын жасаган макети
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Окуучулардын жасаган макети
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин 9-б классынын окуучусу Айжаркын Муталипова:
Айжаркын Муталипова
«Бүгүнкү иш чара эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мен бир гана акыл таймашка катышпастан, «Сөз жөнүндө сөз» аттуу китепти окуп аябай таасирлендим. Чындыгында укмуш китеп. Мен ойлоймун мындан кийин сөздүн манызына жана маанисине жете билип, туура сүйлөгөнгө аракет кылам. Акыл таймашты калыстар тобу да чынчылдык менен баалашты. Жыйынтыгында биз 5-орунду камсыз кылдык. Кийинки сынактарга 1-орунду алганга аракет кылабыз. Учурдан пайдаланып биздин сыймыгыбыз болгон Махабат Мавлянова эжебизге терең раазычылыгымды билдиремин», — дейт сынактын катышуучусу.
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Калыстар тобу
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Окуучулардын жасаган макети
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Окуучулар суроолорго жооп берип жаткан учур
Окуучулар саламдашып жаткан учур
Жыйынтыктоо учурунда
Жыйынтыктоо учурунда
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл