6-майда Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаевдин жетекчилигинде жыйын өткөрүлдү.
Иш чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте уюштуруу жана жетекчилердин кызматтык жоопкерчилигин жогорулатуу. Жарлыктардын аткарылыш абалы жөнүндө, жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагындагы иш чараларды, жашылдандыруу, тазалык боюнча тапшырмалардын аткарылышы, турак жайларды камсыздандыруу, жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы жөнүндө, билим берүү уюмдарындагы билим сапатынын абалы жөнүндө тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.
Жыйынга Токтогул району боюнча мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору, айыл башчылары, ГСВ, ФАП башчылары катышты.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев мындан ары район жана айыл аймактардагы бардык коомдук, мектеп жана бала бакчаларга чейинки иш-чараларды уюштурууда жергиликтүү бийликтин, тийиштүү кызматтардын уруксаты болуусу керектигин эскертти. Ар бир мекеме жетекчилерине берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу керектиги айтылды.
Камила Ызакулова, Азема Кудуева