Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынан чыккан балбан Сыймык Садырбек уулу АКШ өлкөсүнүн Пенсильвания штатынын грэпплинг боюнча ачык чемпионатында Сыймык Садырбек уулу 87 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду багындырып, аталган штаттын чемпиону болууга жетишти.
Аталган айылда грэпплинг боюнча зал ачылып, машыктыруучу болуп келе жаткан Камчы Төлөпалды уулунун айтымында, Сыймык Садырбек уулу таланттуу спортчу, талыкпай эмгектенип ушундай ийгиликтерге жетишип отурат.
«Сыймык Садырбек уулу мага 9-класста окуп жүргөн кезинде, зал ачылган кезде келген. Ошондон бери машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырып келди. Атап айтканда, ал 2022-жылдын Испания мамлекетинин Понтеведра шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 5-орунду, 2024-жылдын февраль айында АКШнын Питтсбург шаарында өткөн чемпионатта PBJJF грепплинг боюнча 2-орунду, ушул эле жылдын 4-май күнү Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн NAGA грепплинг боюнча чемпионатта 1-орунду багындырды», — деди ал.
Эскерте кетсек, Сыймык Садырбек уулу буга чейин дагы АКШ да өткөн чемпионатта 2-орунду ээлеген.
Барчын Мамытбекова