Социалдык медиадагы «жек көрүү сөздөрү» жалпысынан белгилүү бир адамдардын тобуна же жеке адамга карата жек көрүү, негатив же агрессияны козутууга багытталган ар кандай мазмунду билдирет. Бул кемсинтүүнү, коркутууларды, ар кандай негиздер боюнча басмырлоону (расалык, гендердик, диний ж.б.), зомбулукту же жек көрүүчүлүктү пропагандалоону камтышы мүмкүн. Мындай тилди колдонуу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн, анын ичинде аккаунттун убактылуу токтотулушу же мыйзамдарга жана социалдык медиа саясаттарына жараша юридикалык дагы жоопкерчилик бар.
Социалдык медиадагы жек көрүү тилин азайтуу үчүн ар бир колдонуучуга кеңештер:
Сиздин социалдык тармактардагы жүрүм-турумуңуз башкаларга олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин унутпаңыз, андыктан башкаларга сабырдуулуктун, сый-урматтын жана позитивдүүлүктүн үлгүсү көрсөтүүгө аракет кылыңыз.
Айгерим Кубатбекова