Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.

Классташтар көчө чырактарын орнотуу үчүн даярдык көрүүдө

Бүтүрүүчүлөр көчө чырактарын өздөрү орнотушту

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенова: Бюджетте каражат тартыштыгынан бул ишти жасай албай келгенбиз. Айылдын 1984-жылкы жаштарына чоң рахмат. Бул айыл эли үчүн эң чоң белек болду. Алар мектепти бүткөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатышат. Көчө чырактарын орнотуп, ачылышын жасадык”,- деди.

Чолок-Кайың айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү

Айыл эли, жергиликтүү кеңштин депутаттарынын катышуусу менен көчө чырактын ачылышы болду
Жалпы наркы 156мин сомду түзгөн көчө чырактары айыл өкмөттүн балансына алынды. Аны пайдаланууга көз салып, электр акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп турабыз деп кошумчалады Г.Учугенова.
Барчын Мамытбекова