Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды.
Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок.
“Ал эми жай мезгилинде элдер жаратылышка эс алууга чыгышып, бирок таштандыларды жыйнабай, айлана-чөйрөнү булгап кеткен көрүнүштөр дайыма кездешет. Таштандыны жыйноо кызматы же ишкана болбогондон кийин бул бир нече убакыттан бери маселе болуп келген. Бул маселени чечүү максатта Жерге-Тал айылынын ардактуу атуулу, “Каармандык” медалынын ээси, “Билим берүүнүн отличниги”, Ооган согушунун ардагери Мамбеткалый Артыковго кайрылып, эл учун маданий эс алуу жайын уюштуруп берүүнү суранганбыз”,- дейт.
Мамбеткалый Каленов элдин сунушун колго алып, өз каражатына аянттын айланасын тосуп, карагай , арча, мырза терек, мажүрүм талдардын көчөттөрүн отургузду. Мындан сырткар чуңкур, аң-чөнөктөрдү түздөп, ичин толтуруп, иш баштады.
Айыл өкмөт башчы Г.Учугенова аталган эс алуу сейил багы келечекте элдин сүйүктүү жайына айланат деген жакшы тилегибиз бар. Буюрса бул жайда айылыбыздын маанилүү иш-чаралары, жолугушуулар, бүтүрүү кечелери өткөрүлөт деп кошумчалады.
Жакында «Кален бак» эс алуу жайында бүтүрүүчүлөрдүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты белгиленди.
Барчын Мамытбекова