1-июнь «Балдарды коргоо” күнүнө карата Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасынын тарбиялануучуларына “Жакшылык” коомдук фонду тарабынан атайын белектер тапшырылды. Белектер бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша даярдалган.
Ата-энелерге жана кичинекей бөбөктөргө “Бала жылмайса, аалам жылмаят” аттуу чакан концерт уюшулуп, келген меймандарды кубанычка бөлөдү.
Мындан сырткары, айыл өкмөттөн балдарга балмуздак белекке берилсе, айылдык кеңештин депутаты Төлөбүбү Бополоңова демөөчүлүк кылып өзүнүн белектерин берип кетти. Ал эми чет мамлекетте эмгектенип жүргөн Оттук айылынын тургуну Жакшылык Баякунов бала бакчага оюнчуктарды сатып алууга атайын акча каражаттарын жолдогон.
Концерттин жыйынтыгында ата-энелер жана “Садык-Ата” балдар бакчасынын жалпы жамааты “Жакшылык” коомдук фондуна жана бүгүнкү күнү балдарга жагымдуу маанай тартуулаган демөөрчүлүк көрсөткөн айыл тургундарына терең ыраазычылык билдиришти.
Акылай Алмазбекова