Меценат, коомдук ишмер Мавлянова Махабат Эргешовна 31-декабрь Жаңы жылга карата Ноокат районундагы Көк-Жар, Жаңы-Ноокат, Төөлөс, Т. Кулатов жана Бел айыл аймагындагы жаш балдарга демөөрчүлүк көрсөтүп социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөлөрдүн балдарына белектерди берди. Жалпысынан 322 балага белектер берилди.
Белек алган окуучулар
Иш-чара учурунда
Мавлянова Махабат Эргешовна
Белек алган окуучулар
Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү мектеп социалдык педагогу Бактыгүл Каримова:
Бүгүнкү иш чара жогорку деңгээлде болуп өттү. Учурдан пайдаланып Махабат Эргешовнага ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин колдооңуз жана жардамыңыз менен бул иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, балдардын кубанычтары койнуларына батпай үйлөрүнө барышты.
Сиздин эмгегиңиз, коомчулукка болгон камкордугуңуз жана келечекке болгон чоң салымыңыз баа жеткис. Мындай аракеттер коомубуздун өнүгүүсүнө, жарандардын муктаждыктарын канааттандырууга жана биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.Биз сизге бекем ден соолук, ийгиликтер жана ар дайым эл үчүн жасап жаткан жакшы иштериңизге өркүндөө каалайбыз.» — деп билдирди.
Иш-чара учурунда
Белек алуучу окуучулар
Окуучулар белек алып жаткан учур
Окуучулар белек алып жаткан учур
Белек алган окуучулар
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева