Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова, Айыл чарба департаментинин жетекчиси, акимдин орун басары Батырбек Кааров, Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Улукбек Ысакбаев, Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы, Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы жана айыл тургундары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар айылдагы бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Алардын ичинде айыл чарба, суу камсыздоо жана инфраструктурага байланышкан көйгөйлөр айтылды.
Жыйынга катышкан өкүлдөр тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мекемелер менен биргеликте чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн белгилешти.

Жыйындын катышуучулары


Жыйын учурунда
Жыйындын алкагында депутат Махабат Мавлянова мындай жолугушуулар жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн түздөн-түз угууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
— Бүгүнкү жыйын жогорку деңгээлде өттү. Эл менен бетме-бет жолугуп, алардын жер, суу жана башка көйгөйлөрүн угууга шарт түзүлдү. Көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү жетекчилер менен биргеликте талкуулап, чечүү жолдорун түшүндүрүп бердик. Элдин үнүн угуу — көйгөйлөрдү чечүүнүн биринчи кадамы, — деди ал.
Ошондой эле айрым маселелер жакынкы убакытта чечилерин, ал эми узак мөөнөттү талап кылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Жыйын соңунда мындай жолугушуулар жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүүгө багытталган маанилүү аянтча экени белгиленди.

Мавлянова Махабат Эргешовна




Жыйын учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева