Ак-Талаа районунда кургак учук илдети менен жабыркагандардын саны 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу азайганы байкалууда. Ак-Талаа райондук О.Көккөзов атындагы ЖДПБнын дарыгери Жаркын Бообекованын маалыматына ылайык, кургак учук аба аркылуу жугат. Оору жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө абага тараган майда тамчылар аркылуу бир адамдан экинчи адамга өтөт.
Адистин айтымында, кургак учуктун бактериясы көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле айрым учурларда мээ, бөйрөк жана омуртка сыяктуу башка органдарга да таасир этиши мүмкүн.
Активдүү өпкө кургак учугу менен ооруган адам жөтөлгөндө, сүйлөшкөндө, күлгөндө же ырдаганда ооруну башкаларга жугузушу мүмкүн.
Дарыгерлер белгилегендей, бейтап дарыгердин көрсөтмөлөрүн так сактап, дарылоо режимин бузбаса, кургак учукту толук айыктырууга болот.
Толугу менен видеону төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
Даярдаган: Барчын Мамытбекова