Кочкор районунун Шамшы айылында декадалык жөнгө салуу бассейни (БДР) курулуп жатат. Учурда курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, объектте иштер кызуу жүрүүдө.Бул ирригациялык объект пайдаланууга берилгенден кийин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы жана Бугучу айылдарындагы 2790 гектар жер сугат суу менен камсыз болот.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан ишке ашырылууда жана стратегиялык мааниге ээ. Курулуш иштери 2023-жылдын июнь айында башталып, 2026-жылдын октябрь айында толук бүткөрүлүшү пландалган.
Техникалык көзөмөл инженери Мундуз Бейшеевдин маалыматына ылайык, курулуш аянтында иш токтобостон уланууда. Объектти сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү үчүн керектүү техника жана жумушчу күчү тартылган.
Курулушка:
10 экскаватор
25 автосамосвал
2 бульдозер
1 грейдер
3 таптоочу машина
2 суу чачуучу унаа
1 автокран пайдаланылып жатат. Мындан сырткары, жеринде бетон аралаштыруучу түйүн иштеп, жалпы 60ка жакын адис жана жумушчулар эмгектенүүдө.

Бул демилге Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында каржыланып, аймактагы ирригация системасын жакшыртууда маанилүү роль ойнойт.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.