Ак-Талаа районунун Жер-Тал айылындагы Итигул Молдобаев атындагы орто мектебинин 2014-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү айылына боз үй (67миң сом), 250 литрлик эки тай казан (22миң сом), 80 литрлик титан самоор (11 500 миң сом) белек кылышты.
Ал эми өздөрү окуган мектепке 27 миң сомдук заманбап смарт коңгуроо жана 20 миң сомго микро толкундуу меш сатып беришти.
Окуткан мугалимдерине да ыразычылык билдиришип, ата-энелерине Ташкентке саякатка жолдомо тапшырышты.
Эске салсак, 2014-жылы аталган мектепти 14 окуучу аяктаган. Анын ичинен 6 бала айылга жалпы 147 миң 500 сомдук белек ыйгарышты.
Барчын Мамытбекова