Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: жардам

Базар-Коргон: Улууларга камкордук бир айлык акциясы өтөт

Базар-Коргон районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Улууларга камкордук» аттуу бир айлык акциясын жарыялайт. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов улгайган жарандарга камкордук жана көңүл буруу максатында ар тараптуу жардам …

Окуучулар арасында “Зарница” аскердик оюну өттү

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер …

Тогуз-Торо: Район эли тарабынан чогултулган гуманитардык жардам, эртен Баткен областына жөнөтүлөт

Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардамды чогултуу пункту А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө уюшулган.Мындан сырткары айыл өкмөттөр дагы өз жеринде штабдар уюшулуп, учурдагы кырдаалга байланыштуу материалдык жана гуманитардык жардамдар кабыл алынган. Жалпысынан …

Чолпондо Курман айтка 13 бодо мал союлду

Чолпон айылында Курман айт күнүнө карата айыл ичинде 13 бодо мал курмандыкка чалынды. Аны Чолпон айыл өкмөтүнө кирген 9 айылдагы майып адамдар, жетишпеген үй бүлөлөргө таратышты.

Мектептин спорт залынын терезеси жаңыланды

Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.

Үй-бүлөгө көмөк каражаты жашаган жеринде гана берилет

Суусамыр айыл аймагында үй-бүлө көмөк каражаты кандайча чектеле тургандыгын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу  Жыргалбек Бекжанов айтып берди.  

Барскоон: Муктаж үй-бүлөлөргө уй берилди

Барскоон айыл аймагында муктаж болгон 3 үй-бүлөгө бирден баш уй берилди. Жергиликтүү кеңештин акыркы сесиясында айыл аймактын бюджетинен 200 миң сом каралып, анын 150 миң сомуна үч үй-бүлөгө ийри мүйүздүү …

Кары-картаңдарга даректүү жардамдар көрсөтүлүп турат

Ак-Талаа районунда кышка камылга мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталды. Бюджеттик мекемелерге көмүр отуну тартылганы менен элге тартылып бүтө элек. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдарга бир тоннадан көмүр …

Пандемия максатты ишке ашырууга себепкер болду

Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.

Сүрөтбаян: Пандемия учурундагы «Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү

Кочкор районундагы Төлөк айылында пандемия учурунда айыл элинин демилгеси менен жардамдар көрсөтүлдү.

Баткенге кайрымдуулук үчүн которулган жардам дарегине жетти

Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.

Акталаада классташтар көчөнү жарыктандырды

Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып,  Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.

Акталаада балдар үчүн оюн аянты ачылды

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта  балдар үчүн оюн аянты ачылды.

Терек-Суу айылынан Баткенге 103 миң сом жардам берилди

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынан Баткен элине 103 миң сом акчалай жардам жөнөтүлдү. Акча чогултуу жагын айыл жаштары уюштуруп, ар бир үйгө кирип колдон келген жардамын чогултушту.

Кары-картаңдардын абалынан ар дайым кабар алабыз…

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …

Жаңы-Жер: Кесиптик лицейден мекендештерге жардам топтолууда

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.

Жаңы-Жер элинен Лейлектеги мекендештерге жардам жеткирилди

Кыргыз -тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыр тарткан мекендештерге, Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын жалпы эли акчалай жана кийим- кече, тамак- аш сыяктуу жардамдарын жеткирип берүүгө Лейлекке жол тартышты. Кайдыгер карабаган …

Үйүн камсыздандыргандарга акча төлөндү

COVID-19 пандемиясына карабай, Талас облусундагы камсыздандыруу уюмунан турак-жайларын камсыздандырган жарандардын табигый кырсыкка кабылган турак-жайларын калыбына келтирүү үчүн төлөмдөр төлөнүүдө. Жашаган турак жайларын камсыздандыруу боюнча облус боюнча Талас району алдыда.

Акталаадагы мектептерде мөмө дарактарынын көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду. Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.

Кесиптик лицейдин окуучуларына сыналгы белекке келди

Жаны-Жер айылындагы №43-Кесиптик лицейге «Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонду көп жылдан бери демөөрчү катары иштешип келет. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган  окуучуларга Зарылкан Токтосунова өз каражатынан  сыналгы белекке берди.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...